Түштүк Кореяда сот экс-президентти камакка алууга ордер берди

Пак Кын Хе Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Кореянын соту өлкөнүн экс-президенти Пак Кын Хени камакка алуу боюнча ордер берди.

Мыйзам боюнча тергөө амалдары бүткөнгө чейин 20 күн ичинде камакта болот. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу беренеси боюнча айыптоолор тагылууда.

Экс-президентти камакка алууну апта башында өлкөнүн прокуратурасы талап кылган.

"Айыпталып жаткан адам Президент макамы менен эбегейсиз бийликке ээ болуп туруп, компаниялардан пара алып, алардын эркиндигин жана укугун бузган»,-деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. Бул олуттуу суроо жараткан маселе деп белгиленген.

Прокурорлор жетиштүү далилдер жыйналганын айтууда. Бирок айыпталып жаткан экс-президент аны четке кагып жатат. Прокурорлор эгерде Пак Кын Хе эркиндикте кала берсе, бул иш боюнча табылган далилдерди жок кылуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан эле.

10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту Президент Пак Кын Хеге жарыяланган импичментти колдогон. Муну менен Пак Кын Хе кылмыш жоопкерчилигине тартууда президенттик кол тийбестик жана иммунитетинен ажыраган.

Пак Кын Хе менен курбусу Чхве Сун Силдин тегерегиндеги жаңжал журналисттер мейманкананын жанындагы таштандыдан планшет таап алгандан кийин башталды. Ал планшетте жашыруун документтердин арасында Президенттин сүйлөгөн сөздөрү жазылган. Кийин Президент бул кызматка киришкен алгачкы жылдарда курбусу менен кеңешип жүргөнүн моюнуна алган. Конституцияны бузуп, курбусуна мамлекеттик сыр документтер менен таанышууга жол бергени үчүн элден кечирим сураган.

Кийин Президенттин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганы тууралуу кылмыш иши ачыкка чыкты. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен Президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

Тергөөчүлөр Президент жана курбусу Samsung компаниясынан эле 120 млн доллар алганын айтып чыккан. Аталган компаниянын жетекчиси да бул иш боюнча камакка алынган. Жалпысы болуп 30 чукул кишиге айып тагылды.

Пак Кын Хе ошондой эле бийликти сынга алган маданият ишмерлеринин «кара тизмесин» түзгөн, ага 9473 киши киргизилген деп айыптоого кабылып жатат.

Тектеш темалар