Флинн Орусия менен байланыштар тууралуу айтып берүүгө макул

Майкл Флинн Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Майкл Флинн Президент Дональд Трамптын администрациясында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына келген эле. Февраль айында орус элчиси менен болгон телефон сүйлөшүүсү тууралуу жаңжалдан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

АКШ Президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн эгерде анын артынан кылмыш ишин ачып, кугунтуктоо болбосо Москванын АКШ шайлоосуна кийгилишкени тууралуу өзүнө белгилүү маалыматтарды айтып берүүгө даяр экенин билдирген.

"Эгерде кырдаал жол берсе, анда генерал Флинндин анык айта турган сөзү бар жана анын баарын айтып берүүгө каалоосу бар»,-деди адвокаты Роберт Келнер. Бирок бул үчүн Флиннге «адилетсиз кылмыш иши ачылып, куугунтук» болбошуна кепилдик керек деп кошумчалады Келнер.

"Акыл-эси жайында болгон киши кепилдиксиз мындай «саясатташкан» ишке көрсөтмө бере албайт»,-деп айтылат Флинндин жактоочусунун билдирүүсүндө.

Бейшембиде АКШ Сенатындагы комитетте шайлоо өнөктүгүнө орусиялык хакерлердин таасири канчалык болгону тууралуу иликтөө боюнча угуу башталды.

Комиссиянын иликтөөсү АКШдагы шайлоого орусиялык кибер активдүүлүк же башка аракеттердин таасири, бул жерде кимдердин кандай байланыштары болгону, АКШ өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча кандай чараларды көргөнүү жөнүндө суроолорго жооп бериши керек.

Майкл Флинн Президент Дональд Трамптын администрациясында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына келген эле. Февраль айында орус элчиси менен болгон телефон сүйлөшүүсү тууралуу жаңжалдан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Тектеш темалар