Роналдунун бюстун жасаган автор сынчыларга жооп берди

Криштиану Роналдунун бюсту Сүрөттүн автордук укугу AFP

Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун бюсту футбол күйөрмандары арасында кызуу талкууларды жаратып, сын айткандар көп болуп жатат.

Муну жасаган автор сынчыларга жооп узатып, өзүнүн эмгегине карата баа бергендерге «бул эми табиттин иши» деп айтты.

Скульптор Эмануэль Сантош Мадейра аралында тургузулган бюстту жасоо көптөр ойлогондой оңой эле болбогонун белгиледи. Скульптура жергиликтүү аэропортко футболчунун ысымы ыйгарылган салтантка карата ачылган эле. Анын сүрөттөрү соицалдык тармактарга чыккандан кийин көптөр аны Роналдуга окшошпой калган деп сынга алышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

"Гректер менен трояндыктарга бирдей жагууга мүмкүн эмес (макал), жадесе Иисус баарына жага алган эмес»,-деди скульптор.

Guardian басылмасы автор бул эмгектин үстүнөн 15 гана күн иштегенин жазды. Ал эми анын кандай болгонун аныктоо бул «табиттен көз каранды» деген автор.

Globo телеканалына берген интервьюсунда Эмануэль Сантош башында анын сүрөттөрүн футболчунун өзүнө жөнөтүп, Роналду жактырып, анча-мынча гана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун айткан экен.

Криштиану Роналду 2016-жылы Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) өткөргөн сынакта кайрадан эң мыкты футболчу деп табылды. Мунун менен португалдык футболчу бешинчи ирет «Алтын топтун» ээси болду.

Тектеш темалар