AI:Ѳзбекстан жарандарын мыйзамсыз көзөмөлгө алат

Amnesty International Сүрөттүн автордук укугу Amnesty International

Адам укугу жаатында иш алып барган эл аралык Amnesty International уюмунун жума күнү жарыяланган докладында Өзбекстан өкмөтү өлкө жарандарын мыйзамсыз көзөмөлгө алып, "кооптонуу жана ишенимсиздиктин атмосферасын түзүүдө" деп айтылды.

Доклад "Биз сени баардык жерден таап алабыз" деген аталыш менен чыккан. Анда бийлик өлкө ичиндеги да, сыртындагы да жарандарды үй-бүлөсү менен аңдып, көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

«Өзбекстанда коркунучтун жана шектенүүнүн атмосферасы түзүлүп калган. Укук коргоочулардын, журналисттердин, саясый активисттердин үстүнөн ар дайым көзөмөл жана аңдуу болуп турат",-деди уюмдун өкүлү Жошуа Франко.

Айрым учурда мындай аңдуулар үй-бүлөдөгү жакын кишилерди бири-биринен ажыратууда дейт Франко. Маселен, Швециядан жашаган өзбекстандык качкын Дилшоддун (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, анын үй-бүлөсү менен байланыштары тыкыр көзөмөлдөнүп турган экен. Жыйынтыгында анын жакындары Дилшод менен байланышуудан баш тартышкан. Буга Дилшод телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин полиция кызматкерлери келип кеткени себеп болгон.

Дилшод Amnesty уюмуна өлкө сыртындагы жарандардын ар биринин байланыштары бийлик тарабынан аңдууга алынып тураарын айтып берген.

2016-жылы Freedom House уюмунун "Дүйнөдөгү эркиндик" боюнча рейтингинде Өзбекстан мүмкүн болгон жүз упайдын үчөөсүн гана алып,Түркмөнстан, Сирия, Сомали, Түндүк Корея, Эритрия, Судан жана Сауд Аравиясы менен бир катардан орун алган.

Тектеш темалар