Акын Евгений Евтушенко дүйнө салды

Акын Евгений Евтушенко Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV PROKOFIEV/TASS

Белгилүү акын Евгений Евтушенко 85 жаш курагында АКШда көз жумду.

Бул тууралуу орусиялык басылмаларга анын жубайы Мария жана жакын санаалаштары кабарлаган. Мунун алдында акынды оор абалда АКШдагы жеке ооруканага алып келишкен эле.

Москвада анын юбилейлик фестивалын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан. Фестивалдын башкы продюсери Сергей Винников, маркум Евгений Евтушенко керээз кылып, сөөгүн Борис Пастернактын жанына коюну айтканын билдирди.

Евгений Евтушенко 150гө жакын китептин автору. Анын чыгармалары көптөгөн тилдерге которулган.

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV PROKOFIEV/TASS

Акын 1932-жылы Иркутск облусунда жарык дүйнөгө келген. Алгачкы ырлары 1949-жылы "Советтик спорт" басылмасына жарыяланган.

1991-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп келип, ал жерде университетте сабак берип, өмүрүнүн сонуна чейин жашады.

Учурунда кыргыз акындары да Евгений Евтушенконун ырларын кыргызчалатып, анын улуу талантына жогору баа баа берип, таасирленип келишкен.

Тектеш темалар