Армениядагы парламенттик шайлоодо төрт партия алдыда

Учурдагы мамлекет башчысы Серж Саргсяндын экинчи мөөнөтү 2018-жылы аяктап, кийинки Президент парламент тарабынан тандалат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Учурдагы мамлекет башчысы Серж Саргсяндын экинчи мөөнөтү 2018-жылы аяктап, кийинки Президент парламент тарабынан тандалат.

Алдынала маалыматтарга караганда Армениядагы парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушту башкаруучу Республикалык партиясы алды деп кабарлайт «Армения жаңылыктары» сайты.

Baltic Surveys/The Gallup Organization уюму жана Армения социологиялык ассоциациясы менен биргеликте өткөргөн сурамжылоо тыянактарына караганда Республикалык партия жалпы добуштардын 46 пайызын ээ болот.

Бизнессмен Гагик Царукяндын саясий блогу 25 пайыз добуш менен экинчи орунда. Ошондой эле сурамжылоого ылайык "Елк" саясый блогу 10 пайыз добушка, ал эми Армения революциялык федерациясы 5 пайыз добушка ээ болушу мүмкүн.

Калган беш саясый бирикмелер парламентке өтүү үчүн жетиштүү добуш алган эмес. Сурамжылоо 125 шайлоо участкасында өткөрүлүп, ага 30 миң киши катышты.

Армениянын БШКсы добуш берүүгө катышкандар 60,86% (1 574 947 киши) болгонун билдирди. Ѳлкөдөгү 2000 чукул шайлоо участкасындагы добуш берүү жекшембиде орун алды. Бул Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийинки биринчи парламенттик шайлоо болду.

Мындан эки жыл мурун өлкөнүн парламенти Баш мыйзамды реформалоо боюнча долбоорду референдумга чыгарууну жактырган. Референдум тыянактары менен Армения президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн эле.

Референдум өткөрүү демилгеси башкаруучу Республика партиясы тарабынан демилгеленген. Аны Президент Серж Саргсян дагы колдоого алган. Бирок өлкөнүн оппозициясы буга каршы чыгып, азыркы Президенттин башкаруу мөөнөтү аяктап бараткандыктан, ал өкмөттү башкаруу аркылуу бийлигин узарткысы келүүдө деп сынга алышканы бар.

Армениядан Би-би-си кабарчысы Нина Ахметели билдиргендей, бул шайлоонун тыянактары бир гана парламентке ким келерин аныктабастан, өкмөттү жана келечекте ким Президент болорун дагы аныктайт. Учурдагы мамлекет башчысы Серж Саргсяндын экинчи мөөнөтү 2018-жылы аяктап, кийинки Президент парламент тарабынан тандалат.

Жекшембидеги шайлоо жаңы, пропорционалдык шайлоо системасы менен өттү. Агай ылайык жалпы улуттук партиялык тизме менен ошондой эле өлкөнүн 13 округунан көрсөтүлгөн партиялардын талапкерлери парламентке шайланып келишет.

Тектеш темалар