Колумбияда сел кырсыгынан 254 киши каза тапты

Жекшембидеги кырсыктан эң көп жабыр тарткан Мокоа шаары болду. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жекшембидеги кырсыктан эң көп жабыр тарткан Мокоа шаары болду.

Колумбиянын түштүк-батышындагы сел кырсыгынан соңку маалыматтар боюнча 254 киши каза тапты, анын 43ү жаш балдар. Бул тууралуу өлкө Президенти Хуан Мануэль Сантос билдирүү жасады.

Жекшембидеги кырсыктан эң көп жабыр тарткан Мокоа шаары болду.

"Бүгүн биз Мокоаны калыбына келтирүү иштерин пландоону баштайбыз. Кыйраган жана жапа чеккен турак-жайларды калыбына келтиребиз. Бул соккудан Мокоа бутуна турушу керек»,-деп жазды өлкө Президенти "Твиттердеги" баракчасына.

Катуу жааган нөөшөрдөн кийин дарыялар нугунан ашып, жээктерди чайып кетти. Дайынсыз жок болуп жаткандарды куткаруу ишине 1000 чукул аскер кызматкери тартылган. Бузлуп турган аба-ырайы жабыр тарткандарды куткаруу иштерин кыйындатып жатат. Көпчүлүк аймактарга барчу жолдор керектен чыгып калган.

Путумайо провинциясынын башчысы Соррел Арока сел менен келген баткак бир кварталды бүтүндөй чайып кеткенин кабарлады.

Мокоа шаары Путумайо провинциясынын административдик борбору эсептелет. Ал сырт дүйнө менен байланышсыз калып, шаарда электр энергиясы өчүп калган жана суу түтүктөрү керектен чыкты.

Тектеш темалар