Лениндин сөөгү жерге берилеби?

Москва Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Москва патриархынын атайын өкүлү митрополит Волоколамский Иларион «Лениндин мавзолейи жана пролетариат көсөмүнүн мумияланган сөөгү өткөндүн калдыгы, бирок азыр ал көйгөй менен коомчулуктун тынчын албоо керек» деп билдирди.

Ѳткөн айда чет жердеги Орус православдык чиркөөсү Кызыл аянтты «20 -кылымдын азапка салуучусунун калдыктарынан» бошотуу зарылдыгы тууралуу айтып чыккан эле.

Москва патриархынын сырткы чиркөө байланыштары боюнча бөлүмүнүн өкүлү митрополит Илариондун пикиринде, Лениндин сөөгүн алуу чечимин тээ 1991-жылдары эле кабыл алыш керек болчу.

"Ошондо муну кылышпагандан кийин, азыр эми бул маселе боюнча коомчулук бир пикирге келип, макулдук берген учурду күтүү керек»,-деди ал "Россия-24" телеканалына берген маегинде.

"Азыр эми эски жараттарды тырмап, коомчулукту бөлүп-жарууга, чагым салууга эч ким кызыкдар эмес. Менимче биз бул чечимди кабыл алууда чейрек кылымга кечигип калдык»,-деди митрополит Иларион "Чиркөө жана дүйнө» программасында.

Лениндин сөөгүн жерге берүү маселеси Архиерей синоду шаар-кыштактарды Лениндин эстеликтеринен бошотуу жана Москванын борборунан анын сөөгүн алып салуу боюнча билдирүүсүнөн кийин орус маалымат каражаттарында кызуу талкуулана баштады.

Орусиянын мамдумасынын ЛДПР фракциясынын депутаты Иван Сухарев Федерация кеңешинин төрагасына бул маселени кароо боюнча сунуш жөнөткөнү да айтылган.

Тектеш темалар