Польша Ту-154 кырсыгы боюнча орусиялык диспетчерлерди айыптады

2010-жылдын 10-апрелинде Президент Лех Качиньский жана чоң өкмөттүк делегация бараткан учак Смоленсктеги аэродромго конгону жатып кырсыкка кабылган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2010-жылдын 10-апрелинде Президент Лех Качиньский жана чоң өкмөттүк делегация бараткан учак Смоленсктеги аэродромго конгону жатып кырсыкка кабылган. Кырсыктан Качиньский жана учактагы 95 киши набыт болгон эле.

Польшанын прокуратурасы 2010-жылдагы Смоленск шаарына жакын жерде Президент Лех Качиньский бараткан учактын кырсыкка учуроосуна орусиялык диспетчерлердин катыштыгы болгон деп айыптады

Варшавада өткөн басма сөз жыйынында Башкы прокурордун орун басары Марек Пасёнек атайын иликтөөлөрдүн тыянагынан кийин эки авиадиспетчердин бул кырсыкка катыштыгы боюнча шек туудурган далилдер болуп жатканын айтты.

Пасёнек ошондой эле диспетчердик мунарада үчүнчү кишинин да болгонун, бирок анын өздүгү тактала электигин кошумчалаган.

"Учактын калдыктары британдык жана испандык лабораторияларда иликтенет. Эки диспетчерге кырсыкты атайын кылган деген, ал эми үчүнчүсүнө кол кабыш кылганы үчүн айып тагылат. Биз Орусия тарапка юридикалык колдоо көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылдык. Биз жеринде Ту-154 учагынын кыйрашы боюнча ар бир калдыктарды иликтөөгө алабыз»,-деди басма сөз жыйынында дагы бир прокурор орун басары Марек Кучиньский.

2010-жылдын 10-апрелинде Президент Лех Качиньский жана чоң өкмөттүк делегация бараткан учак Смоленсктеги аэродромго конгону жатып кырсыкка кабылган. Кырсыктан Качиньский жана учактагы 95 киши набыт болгон эле.

Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында Марек Пасёнек эксгумация тыянактарынан кийин, беш табыттагы сөөк башка бирөөлөрдүкү болуп чыкканын, алмашып калганын айтты.

Бир ай мурун Польшанын Коргоо министри Антоний Мацеревич Башкы прокуратурага кайрылып, бул кырсыкты иликтөө учурундагы ошол кездеги өкмөт башчы Дональд Тусктун аракетин текшерүүнү сураган эле. Туск азыркы учурда Европа кеңешинин жетекчиси кызматында. Мацеревичтин пикиринде, Туск учак кырсыгы боюнча иликтөөнү жүргүзүүдө керектүү чараларды көрбөй, Польшанын кызыкчылыгын саткан.

Польша жарандарынын 75 пайызы Тусктун кабинети бул трагедиянын себептерин иликтөөдө чабалдык көрсөткөн, күч-аракетин толук жумшаган эмес деп эсептейт. Айрымдар Туск алгачкы иликтөөлөрдү өткөрүүгө орус бийлигине мүмкүнчүлүк бербеши керек эле деп сындап келишет.

Кырсыктын беш жылдыгынын алдында өткөрүлгөн сурамжылоодо 20 пайыз жарандар кырсыктын себептери таасын түшүндүрүлдү деп эсептесе, 31 пайызы себептери так айтылган жок, бул атайын уюштурулган өлүм же теракт болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.

Польшанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө орус тарап көп күттүрбөй эле жообун берди. Орус Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Варшаванын айыптоолорун четке какты.

Тектеш темалар