Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан каза тапкандар бар

Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруу Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Алынала маалыматтарга караганда Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардыруудан кеминде 10 киши набыт болуп, 50гө чукулу жаркат алды деп жазууда орусиялык басылмалар.

Жабыр тарткандар жана каза тапкандар боюнча расмий маалыматтар айтыла элек. Жардыруу "Технологический институт" жана «Сенная площадь" станцияларында орун алган. Окуя болгон жердеги сүрөт жана тасмаларда станция түтүнгө чулганганын, платформада жаткан кишилерди көрүүгө болот.

Окуяга байланыштуу шаардагы жети станция жабылды. Окуя болгон жерге полция жана куткаруучулар келген.

Ушул учурда Орусиянын Президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда жумушчу сапары менен жүргөн эле. Президент бул окуяны Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси менен талкуулаганы айтылды. Окуяны атайын жасалган теракт катары да мүнөздөп жатышат. Бирок расмий билдирүүлөр жасала элек.

Владимир Путин метродогу жардыруунун себебин укук коргоо органдары иликтеп жатканын билдирди. Жүргүнчүлөр толугу менен эвакуацияланган.

Окуя болгон жерде коопсуздук кызматынын атайын адистери иш алып барышууда. Кеминде эки жардыруу болгон. Окуянын күбөлөрү жарылуу "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында болгонун айтууда.

Тектеш темалар