ММК: Метродогу жардырууну жанкечти ишке ашырышы мүмкүн

Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Сүрөттүн автордук укугу PETER KOVALEV/TASS
Image caption Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну жанкечти ишке ашырышы мүмкүн. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы атын атабаган булакка таянып орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Интерфакс маалыматына караганда жардыргыч заттын бирөөсү "Площадь восстания" станциясына катылган. Бирок ал жарылбай калып, зыянсыздандырылды.

"Болжолдуу кылмышкер вагонго олтуруп, экинчи жардыргычты "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардырган»,-дейт Интерфакс агенттигинине маек берген киши.

РИА Новости агенттиги жардыруунун очогунан азият түспөлүндөгү кишинин сөөгү табылганын жазды. Бирок аны алдынала эле террорчу-жанкечти деп атоого болбойт.

ТАСС агенттиги тергөө теги борбор азиялык эки кишини, бир аял жана эркекти бул ишке катыштыгы болушу мүмкүн деп текшерип жатканын жазды.

"Видео байкоололрду карап чыккандан кийин алар укук коргоо органдарынын көзүнө чалдыккан. Ѳздүгү такталып жатат»,-деп билдирген агенттикке атын атабаган булак.

Бул маалыматтар расмий тастыктала элек.

Жардыруу дүйшөмбү күнү болжолу саат 14:40та орун алган. Соңку маалыматтарга караганда 11 киши каза таап, 51 киши ооруканага түштү. Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Тектеш темалар