Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген жарандын теги кыргызстандык

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген жарандын теги кыргызстандык Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Он бир кишинин өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну ишке ашырган деп шектүү катары теги кыргызстандык жарандын аты аталууда. Азырынча бул боюнча Орусиянын атайын кызматтары расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми Кыргызстандын атайын кызматы ал жаран Кыргызстанда төрөлүп өскөн, бирок Орусия жараны деп тастыктады:

«Жардырууга тиешеси бар делип жаткан жаран Кыргызстанда төрөлгөнү анык болду. Бирок ал Орусия жараны. УКМК орусиялык кесиптештер менен байланышта болуп тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат»,-деди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Кыргызстандын атайын кызматы шектелип жаткан жаран тууралуу кошумча маалымат берүүдөн карманууда. ММКларга чыккан маалыматта ал Ош шаарында 1995-жылы төрөлгөнү айтылып жатат.

Деген менен Кыргызстандын Москвадагы элчилиги орус бийлиги тарабынан бул боюнча Бишкекке кайрылуу болбогонун билдирген.

Ошол эле учурда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчи орун басары Нургали Билисбеков Санкт-Петербургдагы жардырууну ишке ашыргандар боюнча ММК өкүлдөрүнө маалымат берерин убада кылганы тууралуу да кабарланып жатат.

"Буга чейин ММКларга терактты ишке ашырган деп болжолдонуп шектүү катары Казакстан жараны 1996-жылы туулган Арышев Максим Витальевичтин атын атап жиберишти. Бул маалыматтар чындыкка жатпайт. Ал шектүү катары каралып жаткан жок. Ал терактын курмандыгы катары каралууда",-деген Нургали Билисбеков .

Орусиялык басылмалар Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну жанкечти ишке ашырышы мүмкүн деп укук коргоо органдарындагы атын атабаган булакка таянып жазып чыгышкан эле.

Интерфакс маалыматына караганда жардыргыч заттын бирөөсү "Площадь восстания" станциясына катылган. Бирок ал жарылбай калып, зыянсыздандырылды.

"Болжолдуу кылмышкер вагонго олтуруп, экинчи жардыргычты "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардырган»,-дейт Интерфакс агенттигинине маек берген киши.

РИА Новости агенттиги жардыруунун очогунан азият түспөлүндөгү кишинин сөөгү табылганын жазды. Бирок аны алдынала эле террорчу-жанкечти деп атоого болбойт.

ТАСС агенттиги тергөө теги борбор азиялык эки кишини, бир аял жана эркекти бул ишке катыштыгы болушу мүмкүн деп текшерип жатканын жазды.

"Видео байкоололрду карап чыккандан кийин алар укук коргоо органдарынын көзүнө чалдыккан. Ѳздүгү такталып жатат»,-деп билдирген агенттикке атын атабаган булак. Бул маалыматтар расмий тастыктала элек.

Жардыруу дүйшөмбү күнү болжолу саат 14:40та орун алган. Соңку маалыматтарга караганда 11 киши каза таап, 51 киши ооруканага түштү. Санкт-Петербургда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Тектеш темалар