Астраханда жол кайгуул кызматынын инспекторлорун атып кетишти

(Архивден алынган сүрөт) Сүрөттүн автордук укугу Tass
Image caption (Архивден алынган сүрөт)

Астрахандагы жол кайгуул кызматынын эки инспекторунун өлүмү боюнча сегиз кишиге издөө салынды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин аймактагы бөлүмү кабарлады.

Аймактын губернатору Александр Жилкин полиция кызматкерлеринин өлүмүнө радикалдуу исламчыл топтордун катыштыгы болгонун билдирген.

3-апрелден төртүнө оогон түнү Астрахандын Ленин районунда болжолу саат 00:30да белгисиз кишилер жол кайгуул кызматынын эки инспекторун атып кетишкен. Полиция кызматкерлери кызматтык унаасында болгон. Кол салгандар инспекторлордун куралын алып, из жашырышкан.

Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жол кырсыгы катталган жерге чакыруу менен келгени белгилүү болду. Кол салгандар "Газель" үлгүсүндөгү унаада болгон. Ал унаан бир нече чакырым алыстыктагы кыштактан табылган.

Тектеш темалар