Санкт-Петербург: Тергөөчүлөр болжолдуу жанкечтинин өздүгүн аныктады

Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу Сүрөттүн автордук укугу Roman Pimenov\tass

Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууну ишке ашырган деп шектелип жаткан жүргүнчүнүн өздүгү аныкталды деп билдирди Орусиянын Тергөө комитети.

Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу шектүү тууралуу азырынча маалымат берилбейт деди аталган мекеме.

Ошондой эле Тергөө комитети болжолдуу жанкечтинин сөөгүнүн калдыктары «Сенная» станциясынан «Технологический институт» станциясына келе жаткан поезддин үчүнчү вагонунан табылганын ырастады.

Жардыргыч затты ишке киргизген болжолдуу жанкечти ушул болушу мүмкүн деди Тергөө комитетинин атайын өкүлү Светлана Петренко.

Буга чейин он бир кишинин өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууну ишке ашырууга шектүү катары теги кыргызстандык жарандын аты аталган. Азырынча бул боюнча Орусиянын атайын кызматтары расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми Кыргызстандын атайын кызматы ал жаран Кыргызстанда төрөлүп өскөн, бирок Орусия жараны деп тастыктады:

«Жардырууга тиешеси бар делип жаткан жаран Кыргызстанда төрөлгөнү анык болду. Бирок ал Орусия жараны. УКМК орусиялык кесиптештер менен байланышта болуп тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат»,-деди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Кыргызстандын атайын кызматы шектелип жаткан жаран тууралуу кошумча маалымат берүүдөн карманууда.

Шектелип жаткан жаран тууралуу эмне белгилүү?

Image caption Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууга шектелип жаткан жарандын ата-энеси жашаган аймак. Ош шаары.

ММКларга чыккан маалыматта ал Ош шаарында 1995-жылы төрөлгөнү айтылып жатат.Шектүү катары аты аталып жаткан 22 жаштагы жарандын дарегин сурап, үйүнө барганбызда ата-энеси, эч кимиси жок экен. Коңшулары апасын эрте менен көрүшкөнүн айтышты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүү катары аты аталып жаткан жарандын ата-энесин суракка чакырганын маалымат каражаттарына тастыктаган.

Ош шаарынын кичи райондорунун биринин атын атабаган квартал комитетинин өкүлү:

"Булар Ош шаарынын башка аймагынан 2011-жылдары бул жерге көчүп келген. Мен 2012-жылдан бери кварталдык комитетте иштейм. Бул жерде апасы жана мектеп жашындагы иниси жашайт. Ал бала менен атасы орус жарандыгын алып, Орусияда эмгектенет деп айтышкан. Баланы мен бир жолу да көргөн эмесмин. Атасы менен эки-үч жолу жүз көрүшкөмүн. Үч айдай мурун атасы Орусиядан кайтып келген. Орусияда унаа оңдоочу жайда иштешет экен. Бул кабарды угарым менен тааныгандардан сураштырдым. Жакшы мүнөздөмө берип жатышат. Биз да билбей турабыз эмне болгонун",-деди квартал комитетинин өкүлү.

Коңшуларынын бири: "Бул бүлөнүн эки баласы бар эле. Бирөөсү мектепте окуйт, чоңу да жакшы бала эле, дагы бир кызы бар. Күйөөсү Орусияда иштейт эле",-деп айтып берди.

Тектеш темалар