Метродогу жардырууда божомол көп, ачык жагдайлар аз

Санкт-Петербургдагы метро Сүрөттүн автордук укугу EPA

Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууну иликтеп жаткан Орусиянын Тергөө комитети окуя тууралуу бир дагы приоритеттүү версияны расмий алып чыккан жок. Тергөө комитети жардырууну теракт деп да атабастан, башка версиялар да каралып жатканын белгиледи.

Мына ушуга байланыштуу интернетте ар кандай божомол-дөдөмөлдөр көбөйдү.

Жардыруу тууралуу расмий маалыматта кыска гана айтылды. Тергөө комитети поездде жардыргыч затты ишке киргизген жана дагы бир жардыргычты калтырып кеткен деп болжонгон шектүүнүн өздүгү аныкталганын билдирди. Ал -1995-жылы туулган теги кыргызстандык Орусиянын жараны Акбаржан Жалилов экенин айтты.

Социалдык тармактарда терактын бир нече версиясы айтылып, ошол эле учурда бардык версиялар катуу талкууга түшөп турган чак.

Радикалдуу диний топтор

Метродогу жардырууга кайсыл бир радикалдуу ичсламчыл топтун катыштыгы болгону интернеттеги көбүрөөк талкууланып жаткан версия. Шейшембиде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети теракты ишке ашырган шектүү теги кыргызстандык Орусия жараны экенин билдирген.

Ушундан кийин көпчүлүк орусиялык басылмалар болжолу шектүү адам «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна тиешеси болушу мүмкүндүгүн жазышты.

Чынында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп жазган эч ким болгон жок.

Дагы бир версияда түндүк кавказдык исламчыл топтун да катыштыгы болушу мүмкүн деп айтылды. "Росбалт" агенттиги, маселен, орусиялык атайын кызматтардагы булагына шилтеме берип, соңку учурларда Орусияны таштап Түркия аймагына жашырынып кеткен топтордун активдүүлүгү байкалып жатканын жазды.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу чыны менен эле дүйнөдөгү ири терактарга катыштыгы болгон. Ошондуктан бул версия жөндүү. Анын үстүнө бул топтун катарында жүргөн Орусия жарандары да аз эмес. Бирок жардыруу жоопкерчилигин эч бир экстремисттик уюм өзүнө албай турганы да кызык болуп турат.

Улутчулдар

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Дагы бир версияда жардырууга катыштыгы болушу мүмкүн деп орусиялык же украинаны жактаган улутчулдар тууралуу талкуулар социалдык тармактарда активдүү такууланды. "Киевдин изи" болушу мүмкүн деп болжолдуу украинанын жактаган күчтөр тууралуу бул айтылгандар аналитикалык ой жорумга караганда көбүрөөк саясый мүнөз алды көрүнөт.

Маселен, Петербургдагы жардырууга украин атайын кызматынын катыштыгы болушу мүмкүндүгүн ЛДПР лидери Владимир Жириновский "Звезда" телеканалына берген интервьюсунда айткан.

Ал эми Украина Коопсуздук кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Юрий Тандит украиналык 112 телеканалынын эфири учурунда метродогу жардыруу боюнча Орусияга жардам көрсөтө алабыз деп айтты.

"Терроризм менен күрөшүүдө тажрыйбасы бар өлкөлөр террор менен күрөшүүгө чакырган билдирүүлөрдү колдошот. Эгерде жардам керек болсо, айрымдар билдирүү жасашпадыбы, биз дагы башкалар сыяктуу жардам көрсөтө алабыз",-деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Социалдык тармактарда жана медиада жардыруу Орусия Президентинин жумушчу сапарына байланыштуу болушу мүмкүн деген кабарлар көп чыкты.

Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да белгилеп өттү.

Бирок ошол эле учурда жардырууга орус бийлиги жоопкер деп ачык жазган авторлор да болду. Мындай билдирүүлөр соцтармактарда аз болгон жок.

Жазуучу Виктор Шендерович бул тууралуу "Эха Москвы" сайтындагы блогунда жазды. Шендерович блогунда 1999-жылдагы Москвадагы жардыруу боюнча айрымдар орусиялык атайын кызматты айыптаганын эске салган.

Жардыруу орус бийлиги үчүн пайдалуу болушу мүмкүн делген макала жана билдирүүлөр башка сайттардагы блогдордо да чыкты. Алардын дээрлик көпчүлүгү албетте, оппозициялык маанайдагы басылмалар болду.

Тектеш темалар