Сирияда болжолдуу химиялык чабуулдан набыт болгондор 72ге жетти

Аба чабуулунан кийин эле кишилердин деми кыстыгып баштаган Сүрөттүн автордук укугу EUROPEAN PHOTOPRESS AGENCY

Химиялык чабуул жасалды деп болжонуп жаткан Сириянын Идлиб провинциясында каза тапкандар 72 кишиге жетти. Алардын жыйырмасы балдар жана он жетиси аялдар дейт баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн сириялык борбор.

Укук коргоочулар курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн экенин, бир катар кишилер дайынсыз болуп жатканын эскертти.

Шейшембиде эрте менен Хан-Шейхун шаары бомба чабуулуна кабылган. Сириялык активисттер аскер учактары Сириянын түндүк-батышы тараптан учуп келгенин, орусиялык же сириялык аба күчтөрү болушу мүмкүндүгүн кабарлашкан.

Аба чабуулунан кийин эле кишилердин деми кыстыгып баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, кишилер деми кыстыгып каза таап, көптөрү жерде кыймылсыз жатып калышкан. Айрымдарынын оозунан көбүк чыгып, эсин жоготкон.

Сириялык аскерлер химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин билдирип чыкты. Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган.

Шаршембиде АКШ, Британия жана Франция БУУнун Коопсуздук кеңешине Идлибдеги окуянын талкуулоо үчүн резолюциянын долбоорун сунуштады.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон үч өлкө бул чабуул үчүн Башар Асаддын режими жоопкерчиликтүү дейт. Долбоордо Сирия өкмөтү эл аралык иликтөө өткөрүүнү камсыздоо керектиги, бир катар маалыматтарды берүү жагы айтылган.

Тектеш темалар