Метродогу жардырууга шектелип жаткан жаран тууралуу эмне билебиз?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Метродогу жардырууга шектелип жаткан жаран тууралуу эмне билебиз?

Санкт-Петербургдагы метродогу жардыруу боюнча Орусиянын Тергөө комитети расмий маалыматында кыска гана билдирүү жасады. Тергөө комитети поездде жардыргыч затты ишке киргизген жана дагы бир жардыргычты калтырып кеткен деп болжонгон шектүүнүн өздүгү аныкталганын билдирди.

Болжолдуу шектүү 1995-жылы туулган теги кыргызстандык Орусиянын жараны Акбаржан Жалилов экенин айтты.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги шектелип жаткан бала 16 жашында эле атасы Орусия жараны болгондуктан, анын өтүнүчү менен уулуна да ошол өлкөнүн паспорту берилгенин айтып чыкты. Шектелип жаткан жаран Орусияда туруктуу жашап келген деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн Жалиловдун ата-энеси Оштон Орусияга учуп кеткени белгилүү болду. Ал Ош шаарындагы мектептердин биринде 8-класска чейин билим алган. Мугалимдери ал бала тууралуу башкалардан айырмаланбаган, мүнөзү токтоо, жоош бала эле деп мүнөздөмө берүүдө.

"Булар Ош шаарынын башка аймагынан 2011-жылдары бул жерге көчүп келген. Мен 2012-жылдан бери кварталдык комитетте иштейм. Бул жерде апасы жана мектеп жашындагы иниси жашайт. Ал бала менен атасы орус жарандыгын алып, Орусияда эмгектенет деп айтышкан. Баланы мен бир жолу да көргөн эмесмин. Атасы менен эки-үч жолу жүз көрүшкөмүн. Үч айдай мурун атасы Орусиядан кайтып келген. Орусияда унаа оңдоочу жайда иштешет экен. Бул кабарды угарым менен тааныгандардан сураштырдым. Жакшы мүнөздөмө берип жатышат. Биз да билбей турабыз эмне болгонун",-деди аймактык кварталдык комитетинин төрагасы.

Коңшуларынын бири: "Бул бүлөнүн эки баласы бар эле. Бирөөсү мектепте окуйт, чоңу да жакшы бала эле, дагы бир кызы бар. Күйөөсү Орусияда иштейт эле",-деп айтып берди.

Тектеш темалар