Санкт-Петербургда теги борборазиялык алты жаран кармалды

Санкт-Петербургда теги борборазиялык алты жаран кармалды Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Санкт-Петербургда теги борборазиялык алты жаран "Жабхат ан-Нусра" жана "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна азгырган деген шек менен кармалды.

Укук коргоо органдары кармалгандар Санкт-Петербургда 2015-жылдын ноябрынан бери "Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жарандарды экстремисттик топтордун катарына тартууга аракеттенген жана террордук кылмышка барууга шыктандырган" деп шектелип жатканын билдирген.

Алардын Санкт-Петербургдагы жардырууга катыштыгы бар делип жаткан шектүү менен тааныштыгы бар жогу тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.

"Ислам мамлекети" жана "Жабхат ан-Нусра" экстремисттик тобу бир катар өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынып, террордук уюм деп табылган. Москва Сириядагы аба күчтөрүнүн негизги тапшырмасы ушул топтор менен күрөшүү экенин айтып келүүдө.

Дүйшөмбүдө Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Орусиянын Тергөө комитети теракт беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Шейшембиде тергөөчүлөр болжолдуу шектүүнүн өздүгү аныкталганын билдирди.

Тектеш темалар