Майк Пенс: Химиялык курал боюнча Орусия милдеттенмесин аткарышы керек

Майк Пенс Сүрөттүн автордук укугу EPA

2013-жылдагы келишимге ылайык Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу боюнча милдеттенмесин Орусия аткара турган мезгил келди деп билдирди АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

Пенстин айтканына караганда, Вашингтон жана анын союздаштары Идлиб провинциясындагы газ чабуулу үчүн Башар Асаддын режими жоопкер деп эсептейт. Ошондуктан буга каршы чаралар каралууда.

Шаршембиде АКШ, Британия жана Франция БУУнун Коопсуздук кеңешине Идлибдеги окуянын талкуулоо үчүн резолюциянын долбоорун сунуштаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова резолюция долбоорун «таптакыр кабыл алынгыс» деп билдирди.

Ушул эле күнү кечинде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын күтпөстөн эле Сирияга чара көрүүгө даяр экенин айтты. Коопсуздук кеңешиндеги талкуу учурунда Хейли Орусияны катуу сынга алды.

"Орусия тынчтанышы үчүн дагы канча баланын өмүрү кыйылышы керек?»,-деп суроо салды америкалык дипломат.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Дамаскты химиялык курал колдонду деп айыптоого болбойт деп белгиледи.

Шейшембиде эрте менен Хан-Шейхун шаары бомба чабуулуна кабылган. Сириялык активисттер аскер учактары Сириянын түндүк-батышы тараптан учуп келгенин, орусиялык же сириялык аба күчтөрү болушу мүмкүндүгүн кабарлашкан.

Аба чабуулунан кийин эле күбөлөрдүн айтымында, кишилер деми кыстыгып каза таап, көптөрү жерде кыймылсыз жатып калышкан. Айрымдарынын оозунан көбүк чыгып, эсин жоготкон.

Сириялык аскерлер химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин билдирип чыкты. Алар бул окуяга "Аль-Каида" менен байланышы бар оппозициялык "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун мүчөлөрүн күнөөлөп жатышат.

Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган.