Колумбиядагы сел кырсыгынан каза тапкандар 300 кишиге жетти

Колумбиядагы сел кырсыгы Сүрөттүн автордук укугу European photopress agency

Колумбиянын Мокоа шаарындагы ишембиде болгон сел кырсыгынын курмандыктары үч жүзгө жетти. Жүздөгөн кишилер дайынсыз болууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымат таратты.

Кеминде 2,5 миң киши убактылуу башкалкалоочу жайда күн кечирүүдө.

Колумбия өкмөтү окуя боюнча иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди. Тергөөчүлөр турак-жайлар курулуш нормаларына ылайык курулганбы жана табигый кырсыкты алдын алууга бийлик өкүлдөрү чара көрүп, даярдыкта болгонбу дегенди иликтейт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty images

"Кеп кимдир бирөөнү жазалоо тууралуу эмес, эскертүү чаралары тууралуу болууда»,-деди бул демилгени көтөргөн колумбиялык чиновник Эдгардо Майя.

Мокоанын бир катар райондору электр жарыгы жок жана суузсуз калган. Мародерлорго каршы күрөшүү үчүн полиция күчтөрү тартылды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Дайынсыз жок болуп жаткандарды издөө жана куткаруу иштерине 1000 чукул аскер кызматкери жана полиция тартылган.

Катуу жааган нөөшөрдөн кийин дарыялар нугунан ашып, жээктерди чайып кетти. Көбүнесе Мокоа дарыясынын нугунан чыгып кеткени чоң кыйроолорго алып келди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Куткаруучулар бузлуп турган аба-ырайы жабыр тарткандарды куткаруу иштерин кыйындатып жатканын айтууда. Көпчүлүк аймактарга барчу жолдор керектен чыгып, көпүрөлөр бузулуп байланышсыз калган.

Тектеш темалар