Окумуштуулар: Дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм чылым чегүүдөн

чылым чегүү Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK / GETTY IMAGES

Дүйнөдөгү ар бир онунчу өлүм тамеки тартуунун кесепетинен келип чыгат деп айтылат жаңы иликтөө тыянактарында. Ошону менен бирге бул өлүмдүн дээрлик жарымы төрт гана өлкөгө - Орусия, АКШ, Кытай жана Индияга туура келет.

Окумуштуулардын маалыматына караганда өлүмдүн көрсөткүчү дагы өсүшү мүмкүн. Анткени чылым чыгарган компаниялар агрессивдүү түрдө жаңы базарларды өздөштүрүүдө. Бул өзгөчө өнгүп келе жаткан өлкөлөргө мүнөздүү.

Бул иликтөөнүн тыянактары The Lancet деп аталган медициналык журналга жарыяланды. Иликтөөчүлөр 1990-2015-жылдардагы 195 өлкөдөгү тамеки тартуу боюнча маалыматтарды пайдаланышкан.

"Жарым кылымдан бери тамеки тартуу ден соолукка олуттуу зыянын тийгизе турганына талашсыз далилдер табылганына карабастан, дүйнөдө жыл сайын ар бир төртүнчү эркек тамеки тарат»,-дейт иликтөөнүн авторлорунун бири Эммануэла Гакидоу.

"Чылым чегүү эртелей каза табуу жана майыптыкка алып келген экинчи фактор катары кооптуу бойдон кала берүүдө. Биз аны азайтуу үчүн тамеки менен күрөштү активдештирүүбүз керек»,-деп кошумчалады ал.

Докладдын тыянактары

Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

2015-жылы дээрлик бир миллиард киши тамеки тарткан. Алардын ар бир төртүнчүсү эркектер, ар бир жыйырманчысы аялдар.

Бул 1990-жылдардагы көрсөткүчтөргө салыштырганда алда канча көп. Анда дүйнөдө ар бир үчүнчү жана ар бир он экинчи аял тамеки тартары аныкталган экен.

Дүйнөдө калктын санынын өсүшү менен чылым чеккендер саны дагы өскөн. Ошону менен бирге тамеки тартканга байланыштуу өлүмдөр 4,7% өсүп, 2015-жылы 6,4 млн жетти.

Иликтөөдө айрым өлкөлөр салыктарды көбөйтүү, тамеки кутуларына ар кандай эскертүүлөрдү жазуу, маалымат берүү программалары аркылуу чылымдан баш тартууга жетишип жатканы да айтылат.

Маселен, 25 жыл мурункуга салыштырганда Бразилияда чылым чеккендер эркектер арасында 29 пайыздан 12%, аялдар арасында 19 дан 8% пайызга чейин азайган.

Ошол эле учурда Орусияда чылым чеккен аялдар саны 56,2% өсүп, эркектер арасында 11% төмөндөгөн. Мындай тенденция айрым азиялык өлкөлөрдө да байкалган. (AbA)