Билим алуу укугунан ажырап, турмуш запкысына кабылган тажик кыздары

тажик кыздары

20 жаштагы Фазилат Максудова Тажикстандагы милдеттүү түрдө окутула турган толук эмес орто билимге ээ. Ал 9-классты бүткөндөн кийин ата-энеси күйөөгө берүүгө даярдайбыз деп, мектептен чыгарып алган.

Аны күйөөгө берген учурда болгону 16 жашта эле. Секелек кыздын үй-бүлөлүк турмушу да өр алып кеткен эмес. Кайын журту аны кийим-кечегин алып, апасынын үйүнө кете берүүсүн айтышкан. Күйөөсү дагы ата-энесинин сөзүн жерге таштабай Фазилатты үйүнө жеткирип салат.

Андан бери жолдошу жаңы түтүн булаткан. Фазилатке болсо жуучулар келген жок. Ал үйүндө олтуруп алып, эми эмне кыларын ойлоп кайгыга баткандан башка аргасы жок. Атайын кесиби жок болгондуктан жумуш табуу мүмкүн эмес. Эмне кылары дагы эртеңкиси сыяктуу эле туңгуюк.

Фазилаттын классташтарынын көпчүлүгү өзү сыяктуу эле мектептен эртелей кетишкен. Бирок алар эртелей турмушка чыгышкан жок, үй тиричилиги менен алек болуп жүрүшөт. Кандайдыр бир кесипке ээ болуп, окууну улантуу жөнүндө ойлонгондору сейрек.

Фазилаттын тагдыры Тажикстандагы элет жеринде өскөн көптөгөн кыз-келиндердин тагдырына үндөш.

«Эгер ата-энем менин билим алуума уруксат берсе. Мен мугалимдик кесипти тандамакмын. Менин апам да мектепти мыкты окуган экен. Бирок ага да мектепти толук окуп бүткөнгө уруксат беришкен эмес. Ал мени окусун деп, атамды көндүрүүгө аракет кылды. Атам болсо эч кимди уккусу келген жок",-деп эскерет Фазилат.

"Атам эртедир-кечтир бирөөнүн бүлөсү болушум керектигин айтып, менин билим алуума кеткен акчаны бекерге кеткен чыгым дечү. Эгерде барган жериңде кайын журтуң окутабыз десе, алар чыгымын төлөшү керек деген. Атам менин батыраак турмушка чыгып кетишимди каалачу. Азыр эми абдан өкүнөт, бирок эми баары кеч болуп калды да, өзгөртүүгө мүмкүн эмес",-деп кайгырды.

Элет жеринде сабатсыз кыздарды көбүрөөк баалашат. Алар кыңк этпей бардык үй жумуштарын кылып, күйөөсүнө каяша айтпай жүрөт деп эсептешет. Ошону менен бирге жаш курагы боюнча да атаандаштык бар. Турмушка чыгууга жашы жеткен кыздардын саны барган сайын өсүүдө. Ошондуктан 18-19-20 жашка чейин кыздарга турмушка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан кийин турмушка чыгуусу кыйын болуп, атаандаштыкка туруштук бере албай калышат.

Кыздардын "күнөөсү"

Кыздардын билим алуусу боюнча Тажикстандын чоң шаарларындагы абал элет жеринен айырмаланат. Бирок IDEA деп аталган билим берүү ассоциациясынын иликтөөсүндө өлкө калкынын дээрлик 6 млн чукулу айыл жеринде жашап, шаарда 2 млн гана калк жашай турганы көрсөтүлгөн.

Аталган бирикме кыздардын билим алуусу боюнча абалды иликтеген. Ата-энелер көп учурда каржылык оор абалына байланыштуу кыздарга билим бере албай, турмушка узатуудан башка арагасы жок экенин айтып келишет.

Айыл жерлериндеги никеге туруу жана ажырашуулар расмий каттоого алынбай калат. Диний жөрөлгө менен эле баш кошуп, ажырашуу болот. Ошондуктан кийин алимент төлөө деген болбойт. Эгер күйөөсү өз ыктыяры менен баласына каралашпаса, мыйзамдык жол менен мүмкүн эмес.

Фазилат Максудованын балалуу болбой ажырашканы ага пайдалуу болду дейт коңшулары. Болбосо азыркы абалынан дагы оор жагдайга туш келмек.

«Көп балалуу үй бүлөөлөрдө кыздар жөн эле өгөйлөнүп калышат. Анткени аларды "сен башканын бүлөөсү болосуң, бизди балабыз багат" деп тарбиялашат. А уул балдар болсо чоң артыкчылыктарга ээ болот. Кыздар ушундай төрөлүп калганы үчүн өзүн күнөлүү сезип чоңоюшат",-дейт иликтөө авторлорунун бири IDEA билим берүү ассоциациясынын өкүлү Тимур Тимерханов.

Мектеп мугалимдеринин айтымында, чоң класстарга көчкөн сайын кыздар улам азайып кете берет. Бирок соңку жылдары кырдаал мурдагыдан жакшырып калган.

Мектепте орто билим алуу акысыз. Бирок окуу куралдарын, мектеп формасын сатып алуу керек. Ата-энелер фондуна акча, ар кандай жыйымдар, мектеп ремонтуна деп ата-энелерден акча жыйналат.

Адатта тажик бүлөөлөрүндө беш-алтыдан бала болот. Эреже боюнча үйдө күйөөсү гана иштеп, жубайы үй жумушу менен алектенет. Учурда орточо айлык 60-70 доллар болсо, бир баланы мектепке даярдоого 50-70 доллар сарпталат.

ЖОЖдо окуу үчүн андан көп каражат керек. Көп бүлөөлөрдүн буга чөнтөгү чак келбейт. Ошондуктан өлкөдө билимсиз жаштар жана сабатсыз мигранттар көп.

Мурда кыздарын 5-6-класстан эле мектептен чыгарып алышса, азыр бийлик тарабынан милдетүү түрдө 9-класска чейин билим алуусу катуу көзөмөлдөнөт. Дале болсо кыздарын мектепке жибербей койгондор бар.

Алардын үстүнөн сотко кайрылган учурлар өтө сейрек болсо да бар дейт "Бовари ба фардо» кризистик борборунун директору Гулнора Ахророва.

ЮНИСЕФ маалыматына караганда Тажикстандагы кыздардын үчтөн бири милдеттүү орто билим алууга жетишкен эмес. Алар же такыр мектепке келген эмес, болбосо 4-класска чейин эле окушкан.

Тажикстандагы кризистик борборлордун жана ИИМ отчетунун маалыматтарынын негизинде чыгарылган тыянакка таянсак, өлкөдөгү аялдардын 80 пайызы үй-бүлөлүк зрмбулуктун запкысына кабылат.

Аялдардын билим алуудан сыртта калышы алардын 70 пайызынын экономикалык жактан көз карандылыгын жана саясый активдүүлүгүнүн төмөн болушун шарттаган.

Жакырчылыктан улам эмгекке жарамдуу эркектер массалык миграция агымына бой урду. Бул дагы аялдардын түйшүгүн оордотту. Жалгыз бой үй тиричилигин жылдыруу, балдарды чоңойтуу, келиндердин көбү күйөсүнүн ата-энеси менен жашагандыктан алардын да түйшүгү жалгыз аялга жүктөлгөн.

Эгерде кайын журтуна жакпай калса, анда ал балдарын жана кийим-кечегин алып эле үйдөн кетиши керек болот. Ажырашуу катталган учурда да тажик аялдары мүлккө ээ боло албайт.

Өлкө мыйзамы боюнча жашы 17ге толгон кыздар гана нике турат деп көрсөтүлгөн. Бирок мыйзамга кошумча да бар, анда "өзгөчө учурларда" жаш курагы төмөндөтүлөт деп көрсөтүлгөн. Кандай "өзгөчө учур" экенин аныктоо укугу жергиликтүү бийликке берилген.

Бийлик болсо үй-бүлөлүк иштерге кийгилишкиси келе бербейт. Чиновниктер эгерде улуттук салттарды өзгөртүү керек болсо, аны акырындап кылыш керек деп ишендирип келүүдө. (AbA)