Түркия Идлибде химиялык курал колдонулганына далил бар деди

Сирияда бомба чабуулунан каза тапкан маркумдарды жерге берүү зыйнаты. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сирияда бомба чабуулунан каза тапкан маркумдарды жерге берүү зыйнаты.

Түркиянын Юстиция министри Бекир Боздаг Сириянын Идлиб провинциясында химиялык курал колдонулганы тууралуу далилдер бар деп билдирүү жасады.

"Каза тапкандардын сөөгүн текшергенден кийин Идлибде химиялык курал колдонулганы анык болду",-деди ал.

Шейшембиде эрте менен Хан-Шейхун шаарына бомба чабуулу жасалгандан кийин ондогон кишилер набыт болгон. Алардын көпчүлүгүндө оор химиялык газдан ууккан белгилер болгон.

Жабыркагандардын отузу чек аралаш Түркия аймагына алып келинген. Алардын үчөө каза тапкан.

Сириялык аскерлер химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин билдирип чыкты. Алар бул окуяга "Аль-Каида" менен байланышы бар оппозициялык "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун мүчөлөрүн күнөөлөп жатышат.

Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган.

Мунун алдында эле АКШ Президенти Дональд Трамп Сириядагы жайкын тургундарга химиялык курал колдонулганын айыптады.

"Бул адамзатты мазактоо,-деди Трамп. -Күнөөсүз балдарды өлтүрүп жатканы бул чектен ашып өтүү".

Өз сөзүндө Трамп Орусия тууралуу сөз кылган жок. Буга чейин АКШнын вице-президенти Майк Пенс 2013-жылдагы келишимге ылайык Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу боюнча милдеттенмесин Орусия аткара турган мезгил келди деп билдирүү жасаган болчу.

Шаршембиде АКШ, Британия жана Франция БУУнун Коопсуздук кеңешине Идлибдеги окуянын талкуулоо үчүн резолюциянын долбоорун сунуштаган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова резолюция долбоорун «таптакыр кабыл алынгыс» деп билдирди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын күтпөстөн эле Сирияга чара көрүүгө даяр экенин айтты. Коопсуздук кеңешиндеги талкуу учурунда Хейли Орусияны катуу сынга алды.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Дамаскты химиялык курал колдонду деп айыптоого болбойт деп белгиледи. Буга чейин Сириянын Президенти Башар Асад өкмөт химиялык жана массалык кыргын сала турган куралдарды өз элине каршы эч качан колдонбогону тууралуу билдирүү жасаган. Асад 2013-жылы Дамаск өз капаларындагы химиялык куралдарды жок кылганга макулдук бергенин, азыркы күндө андай куралы жок экенин кошумчалаган.

Тектеш темалар