АКШ Сирияга канаттуу ракеталар менен сокку урду

Image caption Америкалык "Портер" согуштук кемесинен "Томагавк" ракетасын учуруу. Архивдеги сүрөт.

Жума күнү тан эрте АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урду. Президент Трамп бул шейшембиде Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирди.

Пентагондун өкүлү билдиргендей, "Томагавк" ракетасынын элүүсү Хомс шаарындагы сириялык өкмөттүк күчтөрдүн "Шайрат" авиа базасына учурулду.

Ушул авиабазадан шейшембиде сириялык авиация Хан-Шейхун провинциясындагы Идлибге химиялык куралдар менен аба чабуулун жасап, ондогон бейпил адамдарды өлтүрдү деп жатышат.

Америкалык башка булактардын билдиргенине караганда, Жер ортолук деңизиндеги согуштук кемелер аркылуу авиабазанын аймагындагы бир катар аскердик объектилерге ракеталык сокку урулду, анын ичинде атап айтканда учуп-конуу тилкеси, учактар жана тик учактар, ошондой эле май куючу бекеттер бар.

Анын айтымында, ракеталык соккулар Сириядагы россиялык аскердик объектилерге мелженген эмес.

АКШ бул согуштук операцияны пландап жатканын бир катар өлкөлөргө эскерткен, бирок анын ичинде Россия болгон эмес деп Си-эн-энге Ак үйдүн администрациясынын атын айтпаган кызматкери билдирген.

"Тайм" журналынын кабарчысынын айтымында, согуштук операция башталганга чейин Ак үйдөн Дональд Трамп Владимир Путинге телефон чалган эмес.

Ал ортодо, Пентагондун расмий өкүлү капитан Джефф Дэвис билдиргендей, аталган авиабазада россиялыктардын дагы тобу жайгашкан экен, бирок АКШ аларга ракеталык чабуул жөнүндө эртелеп эскертишкен.

Сириянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү авиабазага ракеталык чабуул жасалганын ырастады. Сириялык ТВнын билдирүүсүндө америкалык агрессия жөнүндө айтылат.

Согуштук операция башталгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп элге кайрылуу менен чыгып сүйлөдү.

"Мен бүгүн бардык цивилизациялуу өлкөлөрдү Сириядагы кан төгүү менен кандуу булоонду токтотуунун аргасын табууга чакырам", - деп баштады өзүнүн кайрылуу созүн америкалык президент.

"Химиялык куралдарды жайылтуунун жана колдонуунун алдын алуу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугун үчүн эң маанилүү маселе',-деп сөзүн улантты Трамп.

'Сирия тыюу салынган химиялык курал колдонгону шек туудурбайт, ал химиялык курал жөнүндөгү Конвенция боюнча өзүнүн милдеттенмесин бузуп, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин талаптарын четке какты',-деп бүтүрдү сөзүн АКШ президенти. (KC)

Тема боюнча башка макалалар