Кремль АКШнын Сириядагы ракеталык чабуулун айыптады

Image caption Путиндин пикиринде АКШнын Сириядагы ракеталык чабуулу эл аралык терроризм менен күрөшүүдө түпкү максатка жакындатпайт, тескерисинче тоскоолдук жаратат.

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын Сирияга жасаган ракеталык чабуулун суверендүү өлкөгө агрессия деп санай турганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

'Вашингтондун бул кадамы ансыз деле жабыркап турган россиялык-америкалык мамилелерге орчундуу залака алып келет'-деп баса белгиледи Песков.

Россия химиялык курал колдонулду деп айтылып жаткан Идлиб провинциясындагы окуя боюнча тыкыр эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырып, ага чейин Дамаскты күнөөлөп чыгуу эл аралык укукка сыйбайт деп жаткан.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын сириялык аскерлерге ракеталык соккусун суверендүү Сирияга каршы агрессия актысы деп атады.

Албетте, бул агрессия актысы. Ойдон чыгарылган шылтоо менен.2003-жылы АКШ, Улуу Британия кээ бир союздаштары менен Иракка басып кирген 2003-жылдагы кырдаалды эске салат. Коопсуздук Кеңешинин макулдугу жок, эл аралык укукту одоно бузуу менен. Бирок анда эптеп-септеп болсо да далил көрсөтүү аракети болгон”,-деди Сергей Лавров.

Министрлик Россия Сириядагы операциялардын жүрүшүндө авиациянын коопсуздугун камсыз кылуу жана инциденттердин алдын алуу жөнүндө АКШ менен түзүлгөн меморандумдан убактылуу чыкканын жарыялады.

Жума күнү тан эрте АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урду. Президент Трамп бул шейшембиде Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирди.

Пентагондун өкүлү билдиргендей, "Томагавк" ракетасынын элүүсү Хомс шаарындагы сириялык өкмөттүк күчтөрдүн "Шайрат" авиа базасына учурулду.

Ушул авиабазадан шейшембиде сириялык авиация Хан-Шейхун провинциясындагы Идлибге химиялык куралдар менен аба чабуулун жасап, ондогон бейпил адамдарды өлтүрдү деп жатышат.