Коопсуздук кеңеши Сирия маселеси боюнча келише алган жок

Никки Хейли. Сүрөттүн автордук укугу AFP

БУУнун Коопсуздук кеңеши жума күнү Боливиянын (туруктуу эмес мүчөсү) демилгеси менен чукул жыйынга чогулду. Жыйында АКШнын Сириянын өкмөттүк аба майданына ракеталык сокку жолдогону талкууланды.

Вашингтон менен Москва бири-бирине сын айтып, жүргүзүп жаткан саясатынын кесепеттери тууралуу эскертүү, айыптоолорду жолдошту.

Америка мындан ары Башар Асад эч качан химиялык курал колдонбогондой чара көрөт деп убада берди АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли.

"Химиялык куралдардын тароосуна жана колдонулушуна жол бербөө биздин улуттук кызыкчылыктардын ажырагыс бир бөлүгү. Биз мындан ары да барууга даярбыз, бирок бул талап кылынбайт деп үмүттөнөм",-деди Никки Хейли.

"Асаддын күчтөнүшү дагы жаңы курмандыктарга гана алып келет" деген Хейли, буга байланышы бар деп Орусия менен Иранды айыптады.

Орусиянын Коопсуздук кеңешиндеги өкүлү Владимир Сафронков, АКШ мыйзамсыз аракетке барды жана "террористердин" колунда ойноп жатат деп билдирди.

"Силердин бир тараптуу аракетиңер чөлкөмдү үрөй учурган тргагедияга алып келет",-деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Орусиянын Коопсуздук кеңешиндеги өкүлү Владимир Сафронков.

АКШ Сирияга канаттуу ракеталар менен сокку урду

Жума күнү тан эрте АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урду. Президент Трамп бул шейшембиде Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирди.

Пентагондун өкүлү билдиргендей, "Томагавк" ракетасынын элүүсү Хомс шаарындагы сириялык өкмөттүк күчтөрдүн "Шайрат" авиа базасына учурулду.

Ушул авиабазадан шейшембиде сириялык авиация Хан-Шейхун провинциясындагы Идлибге химиялык куралдар менен аба чабуулун жасап, ондогон бейпил адамдарды өлтүрдү деп жатышат.

Жергиликтүү дарыгерлер оппозиция көзөмөлдөгөн Хан-Шейхундагы калктуу конушта газга уугуп 89 адам набыт болгонун айтууда. Алардын 33ү жаш балдар, 18и аялдар.

Расмий Дамаск химиялык чабуулга катыштыгы жок экенин айтып, айыптоолорду четке кагууда.

АКШнын Сириянын "Шайрат" авиа базасына ракеталык соккусу жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча болжолу саат 04:40та орун алды. Жыйынтыгында ар кандай маалыматтар боюнча алтыдан тогузга чейин набыт кеткендер тууралуу айтылууда. Чабуул тууралуу орусиялык аскерлерге алдынала эскертүү берилген. Ракеталык соккулар Сириядагы россиялык аскердик объектилерге мелженген эмес.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Сириянын САНА өкмөттүк агенттиги тараткан сүрөттө сириялык Армиянын Башкы штабынын жетекчиси Али Абдулла Айюб (ортодо) АКШ чабуулу учурунда жаракат алган аскердин абалын сурап жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги өзүнүн техникалык байкоо каражаттарына таянып, соккунун эффективдүүлүгү төмөн болгонун билдирди.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн сириялык борбор өзүндөгү маалыматтарга таянып, жума күнү кечинде бул аба майдандан аскер учактары учуп чыкканын тастыктоодо.

Жергиликтүү тургун ракеталык чабуул учурунда аба майданга коңшулаш үйлөрдүн терезелери талкаланып, дубалдарынан жарака кеткенин айтып берген. Бир канча киши, анын ичинде балдар жеңил жаракат алды деди Би-би-сиге телефон аркылуу берген маегинде жергиликтүү тургун.

Америкалык чалгындоо кызматынын анонимдүү булактары ММКларга берген маалыматына караганда, "Шайрат" аба майданында сириялык аба күчтөрү химиялык чабуулга даярдык көрүп жаткан учурда орусиялык аскер кызматкерлери аба майданда болгон. Бирок алар бул тууралуу кабардар болгонбу жокпу, ал белгисиз.

АКШнын аракетине каршылык иретинде Орусия жума күнү кечинде америкалык аскерлер менен Сириянын аба мейкиндигиндеги аракеттерин макулдашып турган байланыш линиясын үзүп салды.

Ошондой эле "Адмирал Григорович" аскер кемеси Кара деңизден Сириянын жээктерин көздөй сапар алды. Ал жерде бир айга чукул болору мурда эле пландалган.

Орусиялык өкүлдөр ошондой эле Сириянын абадан коргонуусун күчтөндүрөрүн убада кылышты. Бул тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Би-би-синин коопсуздук жана дипломатия маселеси боюнча баяндамачысы Жонатан Маркустун айтымында, анчейин бийик эмес аралыктан учурулган канаттуу ракеталарды атып түшүрүү Абадан коргонуу системасы үчүн чоң кыйынчылык жаратат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Шайрат" аба майданы чабуулдан кийин.

Мурда Дамаск абадан коргонууда советтик өндүрүштөгү күчтүү каражаттарга ээ болуп келген. Бирок ракеталардын, радарлардын көбү эскирип күчү кетип, жарандык согуш учурунда жарымы жок болду.

Орусиянын "Хмейми" аба майданында жаңы үлгүдөгү зениттик-ракеталык комплекс жайгашкан. Ошондуктан АКШ кишилей чыгымдан качуу үчүн Сирияга сокку уруудан карманышы мүмкүн. Эгер өкмөттүк күчтөрдүн турумдарына сокку уруу уланса, анда АКШ "Томагавк" ракетасына гана таянышы мүмкүн деп болжойт Жонатан Маркус.

АКШ Президенти Дональд Трамп буга чейин америкалыктардын Сирияга кийгилишүүсүнө каршы болуп, өлкөнүн ички маселесине көңүл буруу керектигин айтып чыккан.

31-мартта Никки Хейли Сирия Президенти Башар Асаддын кызматттан кетүүсү бул өлкөдөгү Америка саясатынын негизги максаты эмес деп билдирген.

Бирок 4-апрелдеги химиялык чабуул Вашингтондун позициясын өзгөрттү. Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Сириянын келечегинде Асаддын оорду болбош керек деп айтты. (AbA)

Тектеш темалар