Стокгольм: терактка шектүүгө туруктуу жашаганга уруксат берилген эмес

Ушул сүрөттөгү киши кол салууга шектүү катары кармалган деди полиция. Сүрөттүн автордук укугу SWEDISH POLICE
Image caption Ушул сүрөттөгү киши кол салууга шектүү катары кармалган деди полиция.

Стокгольмдагы кол салууга шектелип жаткан 39 жаштагы теги өзбек жараны экстремисттик көз караштарга жакын болгондуктан өлкөдөн чыгарылышы керек болчу деп билдирди Швециянын полициясы.

Баш калаанын полиция жетекчиси Йонас Хисинг басма сөз жыйнында, терактка шектелип кармалган киши 2014-жылы Швеция бийлигине туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок тескери жооп алганын айтып, 2016-жылы декабрда ага төрт аптанын ичинде өлкөнү таштап чыгып кетүү боюнча маалымдалганын билдирди. Ушундан кийин ал дайынсыз кетип, полиция издөөгө алган.

Улуттук полициянын Комиссары Дон Эльяссон, шектүүнүн «Ислам мамлекети» сыяктуу экстремисттик топторго жан тарткан көз карашын полиция биле турганын, бирок ал кишини «өтө деле маанилүү персона» деп эсептешкен эмес деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ишембиде полиция бир канча даректерде тинтүү жүргүздү.

Тергөө маалыматына караганда, өткөн апта соңундагы кол салуу учурунда, дал ушул шектүү жүк тарткан унаанын башкарганы айтылат. Унаа борбор калаанын чок ортосунда чогулуп турган кишилерди сүзүп, дүкөнгө барып урунган. Андан төрт киши каза таап, 15 киши ар кандай жаракат алды. Каза тапкандардын экөө Швеция жараны, калгандарынын бири британдык жана Бельгия жараны болуп чыкты.

Камакка алынган экинчи шектүүгө дагы кишилердин өлүмүнө алып келген террордук актыны ишке ашырган деген айып тагылууда.

Жергиликтүү маалымат каржаттары полция бул иш боюнча 500 чукул кишини суракка алганын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty images
Image caption Жекшембиде Стокгольм шаарынын борборунда теракт болгон жерде терроризмге каршы акция өтүп, каза тапкандарды эскерүү болду.

Кол салууга пайдаланылган жүк тарткан унаа жергиликтүү сыра өндүргөн ишканадан уурдалган болуп чыкты.

Соңку жылдары Швеция 200 миң качкын жана мигранттарды кабыл алган. Бул калк башына эсептегенде Европадагы бардык өлкөлөрдүн ичинен эң көп сан. Бирок өткөн жылы бийлик чек арадан өткөрүү талаптарын күчөткөндөн кийин өлкөгө келген мигранттар саны кескин кыскарды.

Ошол эле учурда өлкөдө мурда Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышып келгендер бар. Ѳлкө бийлиги бул маселени чечүүгө аракет кылып келүүдө.

Жекшембиде Стокгольм шаарынын борборунда теракт болгон жерде терроризмге каршы акция өтүп, каза тапкандарды эскерүү болду. (AbA)

Тектеш темалар