Тиллерсон Орусия Сириядагы химиялык чабуулду алдын алган эмес деди

Тиллерсон. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Орусиянын Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарына даярдалган химиялык чабуул тууралуу маалыматы болгон дегенге АКШнын түздөн-түз далили жок деп айтты Тиллерсон.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 89 кишинин өмүрүн алган Сириядагы химиялык чабуулду токтото алган эмес деп Орусияны сындады.

Тиллерсон америкалык Си-би-эс телеканалына берген маегинде, Орусия өз учурунда Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу жараянын көзөмөлдөө жана аны колдонууга толук тыюу салууну өз жоопкерчилигине алып, кепил болгон эле деди. Ошондуктан Сирияда химиялык куралдын колдонулушу боюнча күнөө Орусиянын дагы абийиринде деди мамлекеттик катчы.

Тиллерсондун айтымында, «Орусиянын буга катыштыгы болгонбу» же «адистери компетентүү болбой калдыбы», балким «сириялык өкмөт алдап кетти» дегендин баары маанилүү эмес. Кандай болгон күндө да Орусия эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмесин аткарган жок дейт Тиллерсон.

Бирок Орусиянын Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарына даярдалган химиялык чабуул тууралуу маалыматы болгон дегенге АКШнын түздөн-түз далили жок деп айтты Тиллерсон.

4-апрелде эрте менен Хан-Шейхун шаары бомба чабуулуна кабылган. Сириялык активисттер аскер учактары Сириянын түндүк-батышы тараптан учуп келгенин, орусиялык же сириялык аба күчтөрү болушу мүмкүндүгүн кабарлашкан.

Аба чабуулунан кийин эле кишилердин деми кыстыгып баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, кишилер деми кыстыгып каза таап, көптөрү жерде кыймылсыз жатып калышкан. Айрымдарынын оозунан көбүк чыгып, эсин жоготкон. Соңку маалыматтарга караганда газга уугуп 89 киши набыт болду. Алардын 33ү балдар жана 18и аялдар.

Франция, Британия жана АКШ газ чабуулуна Дамаскты күнөлүү деп эсептөөдө.

Сириялык аскерлер химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин, бул окуяга "Аль-Каида" менен байланышы бар оппозициялык "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун мүчөлөрүн күнөөлөп жатышат.

Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган.

Бул кол салуудан үч күндөн кийин АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урду. Президент Трамп бул Идлиб провинциясындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирди. Пентагондун өкүлү билдиргендей, "Томагавк" ракетасынын элүүсү Хомс шаарындагы сириялык өкмөттүк күчтөрдүн "Шайрат" авиа базасына учурулду.

Кремль АКШнын Сириядагы ракеталык чабуулун айыптады. Рекс Тиллерсон 12-апрелде Москвага иш сапары менен келиши пландалып жатат. Расмий иш сапары учурунда Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. (AbA)

Тектеш темалар