Будапештте "Сорос университетинин" жабылышына каршы акция өттү

каршылык акциясы Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Венгриянын борбору Будапешт шаарында он миңдеген кишилер каршылык акциясына чыгып, өлкө Президентин окуу жайлар боюнча жаңы мыйзамга кол койбоого үндөдү.

Аталган мыйзам белгилүү америкалык финансист Жорж Соростун каражатына курулган Бордордук европалык университетинин (CEU) жабылышына алып келет деген тынчсыздануулар айтылууда.

Виктор Орбандын өкмөтү тарабынан сунушталган мыйзам долбоору чет жерлик окуу жайлар кайсыл өлкөдө катталган болсо, ал жерде окуу имараттары болушу керектигин милдеттендирет. Ал эми Бордордук европалык университети (CEU) АКШда катталып, бирок ал жерде окуу имараттары жок.

Буга чейин Венгриянын парламенти бул мыйзамды кабыл алууга макулдук берген. Депутаттардын 123ү «макул» деп добуш берип, 38 депутат каршы болгон.

Би-би-синин Будапешттеги кабарчысы билдиргендей, соңку учурларда Венгрияда качкындардын укугун коргогон либералдуу уюмдарга кысым күчөп жатат.

Ѳлкөдөгү Бордордук европалык университетинде (CEU) англис тилинде сабактар өткөрүлөт. Учурда 1 440 студент билим алып, алардын 335 Венгрия жарандары, ал эми калгандары чет өлкөлөрдөн келгендер.

Окуу жай Орусия, Кыргызстан, Грузия, Казакстандагы университеттер менен кызматташат. Сегиз дисциплина боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 200 окуу жайдын катарына кирет. (AbA)

Тектеш темалар