Египетте үч айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Египеттин Президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жекшембидеги копт христиандарына караштуу эки чиркөөдө болгон жардыруудан кийин өлкө боюнча үч айлык өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Египеттин Президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жекшембидеги копт христиандарына караштуу эки чиркөөдө болгон жардыруудан кийин өлкө боюнча үч айлык өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.

Жардыруудан 40 чукул киши каза тапты. Бул чабуулдун жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ моюнуна алган.

Копт христиандары Египет калкынын болжолу 10 пайызын түзөт. Рим Папасы Франциск апрель соңунда Египетке келери күтүлүп жаткан. Ал бул кол салууну айыптады.

Жардыруу алдынала даярдалып, көбүрөөк зыян алып келүүгө аракеттер көрүлгөн деп айтылды. Анткени жардыруу кишилер христиандык майрамга чогулуп жаткан учурда орун алган.

Копт христиандарына кол салуу соңку жылдарда, өзгөчө 2013-жылдагы төңкөрүштөн кийин тез-тез катталууда. Төңкөрүштөн кийин бийликке келген аскердик өкмөт исламчыларга каршы күрөштү катаалдаштырган.

Бийликтен четтетилген мурдагы Президент Мохаммед Мурсинин жактоочулары болгон «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөлөрү аскердик төңкөрүштү христиандар колдогон деп эсептешет.

2016-жылы декабрда Каирдеги копт христиандарынын чиркөөсүндөгү жардыруудан 25 киши каза тапкан эле. Ушул жылдын февралында өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун согушкерлери Египеттеги копт христиандарына каршы жаңы кол салууларды даярдап жатканын жарыялаган.

1-апрелде Танта шаарындагы окуу имаратынын алдында болгон жардыруудан 16 киши жаракат алган. (AbA)