Пекин тыңчылар тууралуу маалымат бергендерге 72 миң $ убада кылды

Пекин тыңчылар тууралуу маалымат бергендерге 72 миң $ убада кылды Сүрөттүн автордук укугу ISTOCK / GETTY IMAGES PLUS

Пекиндин шаардык бийлиги чет жерлик тыңчылардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берген тургундарга акчалай сыйлык убада кылды.

Пекиндин Мамлекеттик коопсуздук боюнча муниципалдык бюросу бул үчүн атайын «түз байланыш» кызматына чалуу керектигин айтты. Маалыматтын маанилүүлүгүнө карап тыңчылар тууралуу айткандарга 72 миң доллар өлчөмүндө сыйлык берерин билдирүүдө.

"Пекин - бул чет өлкөлүк чалгын кызматтары жана башка каршы күчтөр агенттерин киргизип, жаңжалдарга түрткөн чагым уюштуруп, маалымат уурдай турган негизги бута»,-деп айтылат мекеменин маалыматында.

Бийлик маалымат берген кишилерди катасы үчүн жазалабай турганын, бирок жалган маалымат бергендерге каршы күрөшө турганын да кошумчалады.

Ѳткөн жылы чиновниктер чет жерлик чалгын кызматтарына байланыштуу сергек жана сак болууга үндөгөн атайын өнөктүк баштаган. Ал өнөктүктө чет жердик тыңчы менен романтикалык байланыш түзүү кооптуулугу эскертилген.

South China Morning Post кабарлагандай, тыңчылык тууралуу маалымат берүү үчүн ачылган улуттук түз байланыш кызматы мындан эки жыл мурун ишин баштаган. (AbA)

Тектеш темалар