АКШ: ракеталык сокку сириялык авиациянын 20% керектен чыгарды

Ак үй эгерде химиялык курал колдонулса, Сирияга сокку уруу улана турганын билдирди. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис америкалык ракеталык соккудан кийинки Сириянын жоготуулары боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Сириянын аскердик базаларына урулган канаттуу ракеталардын соккусу өкмөттүк күчтөргө таандык авиациянын 20 пайызын керектен чыгарып, жабыркатты.

Өткөн аптанын жума күнү Хомс провинциясындагы "Шайрат" аскер базасына америкалык аскерлер 59 канаттуу ракета коео берген. Коргоо министри Жеймс Мэттис эми Сирия бийлиги "химиялык курал колдонордон мурун жакшылап ойлонот" деди.

Азыркы учурда сириялык авиация "Шайрат" базасын аскер учактарына күйүүчү майларды алмаштыруу жана башка керектөөлөрү үчүн колдоно албайт дейт Мэтис.

4-апрелде эрте менен Хан-Шейхун шаары химиялык чабуулга алынган. Андан 89 адам мерт кетти. Сириялык аскер учактары дал ушул аба майдандан учуп чыкканы тууралуу айтылган.

Ак үй эгерде химиялык курал колдонулса, Сирияга сокку уруу улана турганын билдирди.

Расмий Дамаск химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин айтып, четке кагууда. Башар Асаддын режимин колдоого алып жаткан Орусия тараптын айтымында, Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган болушу мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын ракетталык соккулары эффективдүү болгон жок деп билдирди. Мекеменин маалыматында 23 ракета гана бутасына тийген. Кремль Сирияга жасалган АКШнын ракеталык чабуулун "эгемен өлкөгө каршы жасалган агрессиялык акт" деп атады. (AbA)

Тектеш темалар