United Airlines бортунда жүргүнчүгө күч колдонулган окуя

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Audra D. Bridges

United Airlines авиакомпаниясынын коопсуздук кызматы жүргүнчүгө күч колдонуп, учактан түшүрүп жатканы тартылган тасма социалдык тармактар аркылуу дүйнө жүзүнө тарады.

Тартылган тасмадан орто жаштагы кишини орой түрдө, колдон-буттан алып, сүйрөп баратканын көрүүгө болот. Буга жүргүнчүлөр да катуу реакция кылган.

Каттам жекшемби күнү кечинде Чикагодон Кентукки штатындагы Луисвиллге учуп бараткан. United Airlines авиакомпаниясы бул окуя үчүн кечирим сураган билдирүүсүн "Твиттердеги" баракчасына жайгаштырып, иликтөө жүрүп жатканын айтты.

Жүргүнчүлөрдүн бири тарабынан тартылып алынган 50 секунддук тасманы "Твиттерде" 100 миң жолу бөлүшүшкөн.

Бул тасманы жайгаштырган жүргүнчү Жейз Анспа "Твиттерде":

"United Airlines авиакомпаниясы орундуктардан ашыкча билет сатып жиберип, өз ыктыяры менен башка каттамга түшө турган жүргүнчү издешти. Алардын ордуна компаниянын эрте менен жумушка чыга турган кызматкерлери олтурушу керек экен. Ыктыярчы табылбагандан кийин United өз алдынча чечим кабыл алып, бирөөнү түшүрүп салууну чечкен. Теги азиялык дарыгерди жана жубайын тандап алышты. Дарыгер эрте менен жумушка чыгышы керек экен. Ошондуктан ал орундукту бошотуудан баш тартты",-деп Анспа.

"10 минутадан кийин дарыгер кайра учакка жүгүрүп келди, бети канжалаган абалда экен. Ал "мен үйгө баршым керек" деп кайра-кайра жалбарды",-дейт күбө.

Сүрөттүн автордук укугу Tyler Bridges/Twitter
Image caption Чикаго штатынын авиатранспорт боюнча департаменти окуяга катышкан коопсуздук кызматкерлеринин бирин жумуштан алганын билдирди. Ошондой эле бул окуя иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрү айтылган.

Жүргүнчүнүн бети канжалаганына караганда аны сабаган болушу мүмкүн деп болжонууда.

Башка тартылып алынган тасмада канжалаган киши учакка түшүүгө умтулуп, "Мени өлтүргүлө, жөн эле өлтүрүп салгыла! Мен үйгө барышым керек" деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Чикаго штатынын авиатранспорт боюнча департаменти окуяга катышкан коопсуздук кызматкерлеринин бирин жумуштан алганын билдирди. Ошондой эле бул окуя иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрү айтылган.

Жүргүнчүлөрдүн бири Одра Бриджес бул окуя тартылган тасманы "Фейсбук" баракчасына жайгаштырып, аны жүз миңдеген кишилер көргөн. "Фейсбук" колдонуучулар бул окуяны активдүү талкуулап жатат.

United Airlines авиакомпаниясынын жетекчиси Оскар Муньос "Твиттердеги" баракчасына: "Бул баарыбыз үчүн абдан кайгылуу окуя болуптур. Бул жүргүнчүлөрдү түшүрүп калууга аргасыз болгонубуз үчүн кечирим сурайм. Биздин команда бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, иликтөө жүрүп жатат. Өз алдынча дагы иликтөө өткөрөбүз. Биз бул жүргүнчү менен байланышып, маселени карап, чечүүгө аракет кылып жатабыз",-деп жазды.

(AbA)

Тектеш темалар