Стокгольмдагы кол салууга шектелген Рахмат Акилов ким?

Рахмат Акилов Сүрөттүн автордук укугу SWEDISH POLICE

Швециянын прокуратурасы 7-апрелдеги Стокгольм шаарындагы кол салууга шектелип жаткан теги өзбекстандык жарандын ысымын атады. Ал 39 жаштагы Рахмат Акилов экенин бул ишти карап жаткан прокурор Ханс Ирманнинг Би-би-сиге тастыктады.

Бүгүн сот Акиловдун айыбын угузат деп күтүлүүдө. Би-би-синин өзбек кызматы шектелип жаткан жарандын Самаркандда туулганын, Швецияга келгенге чейин ошол аймакта жашаганы тууралуу маалымат алган.

Акилов катталган Стокгольмдун чет жакасындагы Спанга аймагындагы батирдин ээси ал бул жерде жашабаганын, ошондуктан Миграция кызматы аны таба албай жүргөнүн айтып берген. Февраль айынан баштап Рахмат Акиловго издөө салынган.

Айрым маалыматтарга караганда Өзбекстанда анын үй-бүлөсү калган. Жубайы жана төрт баласына ал курулушта иштеп тапкан акчасын ар дайым которуп турган.

Көп жылдардан бери Швецияда жашаган өзбекстандык мигранттар ар кандай кечелерге чогулганда, иш-чараларда Рахмат Акиловду көрүшпөгөнүн айтып беришкен.

Швециядан эки миңден беш миңге чейин Өзбекстандан келген мигранттар бар. Швециянын миграция боюнча агенттиги берген маалыматка караганда, соңку беш жылда эки миңдей өзбекстандык жаран саясый башпаанек сурап кайрылган. Алардын эки жүз сексенине гана ушундай укук берилген экен.

Ал эми тескери жооп алгандардын маселеси кандай чечилгени, канчасы депортация болгону тууралуу маалымат жок. Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, болжолу 197 өзбекстандык депортация чечимин күтүп турат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада соңунда жүк тарткан унаа борбор калаанын чок ортосунда чогулуп турган кишилерди сүзүп, дүкөнгө барып урунган. Андан төрт киши каза таап, 15 киши ар кандай жаракат алды. Каза тапкандардын экөө Швеция жараны, калгандарынын бири британдык жана Бельгия жараны болуп чыкты. Бийлик бул окуяны теракт деп атаган. (AbA)

Тектеш темалар