Малала Юсуфзай БУУнун эң жаш элчиси болду

Малала Юсуфзай Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY IMAGES

Нобель сыйлыгынын ээси, пакистандык укук коргоочу, мусулман кыздарынын билим алуу укугу үчүн күрөшүп келген Малала Юсуфзай БУУнун тарыхындагы эң жаш элчи болуп калды.

19 жаштагы Малала бул ардактуу кызматка дайындалууга макулдук берип, кыздардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурарын айткан.

Малала Юсафзай 11 жашында 2009-жылдан баштап, талибдердин бийлиги алдындагы жашоо-турмуш тууралуу Би-Би-Синин урду тилиндеги сайтына блог жазып баштагандан кийин аты таанылган. Ал талибдер Сват өрөөнүнө бийлигин орнотуп, кыздарга мектепке барууга катуу тыюу салышканын жана өрөөндөгү жаңы башкаруучулардын катаал мамилелерин чагылдырып турган.

2009-жылы бул аймактан талибдер сүрүп чыгарылган. Бирок ушундан кийин Малала жана анын үй-бүлөсү ар кандай коркутууларга кабылган. 2012-жылы мектеп автобусунда келаткан Малалага талибандар кол салып, башына атып кетишкен. Ал ооруканада бир ай жатып, бир канча операциялардан кийин айыгып чыккан. Ал атайын аба каттамы менен Пакистандан Британияга алып келинип, операция болгон. Ошондон баштап Британияда жашап калды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

"Өзгөрүү өзүбүздөн башталат жана аны азыртан башташыбыз керек,-деди Малала Нью-Йоркто сүйлөп жатып.-Эгерде жаркын келечекти кааласаңар, кимдир бирөөдөн күтпөй азыртан өзүңөр эмгектенип баштагыла".

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш "дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе -бул баардыгы үчүн билим алуу" экенин айтып, Малаланы мунун "символу" деп атады. (AbA)

Тектеш темалар