G7 өлкөлөрү Сирияга байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды талкуулайт

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп турган Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуул жасалганы тууралуу далилдер айтыла баштагандан кийин эл аралык коомчулуктун Орусияга жана сириялык өкмөткө карата кысымы күчөдү. Ал чабуулдан 89 киши набыт болгон. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуул жасалганы тууралуу далилдер айтыла баштагандан кийин эл аралык коомчулуктун Орусияга жана сириялык өкмөткө карата кысымы күчөдү. Ал чабуулдан 89 киши набыт болгон.

"Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлери жана алардын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Италияга чогулду. Алар Сириядагы жаңжал жана андагы Орусиянын ролу боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгууга аракет кылат.

Шейшембиде эрте менен башталган жыйынга "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн министрлеринен сырткары, алардын өнөктөштөрү Түркия, Сауд Аравиясы, БАЭ, Иордания жана Катардын өкүлдөрү катышууда. Булардын баары Башар Асаддын режимине каршы.

Бул жыйындан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Москвага сапар алат. Ал Орусияны Сирия Президенти Башар Асадды колдоодон баш тартууга көндүрүү аракетин көрөт.

Сириянын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп турган Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуул жасалганы тууралуу далилдер айтыла баштагандан кийин эл аралык коомчулуктун Орусияга жана сириялык өкмөткө карата кысымы күчөдү. Ал чабуулдан 89 киши набыт болгон.

Расмий Дамаск химиялык чабуул деп болжонгон бул окуяга катыштыгы жок экенин айтып, четке кагууда.

Ассошиэйтед пресс агенттиги жогорку кызматтагы америкалык чиновникке шилтеме берип, орус тарап химиялык чабуулду билгени тууралуу жазып чыккан. Хан-Шейхундагы оорукананын үстүнөн учкан учакты орустар билген деп айтылат маалыматта. Бул чабуулдан бир нече сааттан кийин жергиликтүү ооруканага дагы бир сокку урулган. АКШ муну сириялык өкмөттүн химиялык курал колдонулганын жашыруу үчүн жасаган аракети болгон деп мүнөздөдү.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Көптөгөн эксперттер Хан-Шейхунда зарин газы колдонулганын айтууда.

Буга жооп кылып АКШ өткөн аптанын жума күнү Хомс провинциясындагы "Шайрат" аскер базасын канаттуу ракета менен атты. АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис Сириянын аскердик базаларына урулган канаттуу ракеталардын соккусу өкмөттүк күчтөргө таандык авиациянын 20 пайызын керектен чыгарып, жабыркатты деп билдирди.

АКШ Президенти Дональд Трамп менен британ премьери Тереза Мэй телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, Асадды колдоо мындан ары Орусиянын стратегиялык кызыкчылыгына жооп бербейт деген чечимге келишкен.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Германия канцлери Ангела Меркель дагы Асадды жоопкерчиликкке тартууга макул экенин билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Рекс Тиллерсон АКШнын негизги приоритети мурдагыдай эле "ИМ" тобун жок кылуу деп айткан.

Бирок Сирияга карата Вашингтондун саясаты көптөр үчүн түшүнүксүз бойдон калууда. Рекс Тиллерсон АКШнын бул өлкөдөгү жаңжалга карата аскердик стратегиясы өзгөрүүсүз каларын билдирген. Вашингтон мурдагыдай эле экстремисттик, террордук топторду жок кылуу максатын көздөйт деп айткан.

Британиянын Тышкы иштер министри Борис Жонсон, Сириядагы аскердик операцияларды координациялаган сириялык жана орусиялык аскер жетекчилерине санкция киргизүү тууралуу билдирүү жасады. Эгер Британия муну ишке ашырса, анда ал Сириядагы кырдаал үчүн Орусияга киргизилген биринчи санкция болуп калмакчы.

Би-би-си кабарчысы Жеймс Роббинстин айтымында, британ бийлиги Орусияга каршы кандайдыр бир санкциялар "Чоң жетиликтеги" айрым өлкөлөр тарабынан колдоого алынбасын билип турат. Маселен, муну Германия жана Италия колдобошу мүмкүн.

Орусиялык айрым чиновниктер жана уюмдар Крымдын аннексияланышы жана Украина чыгышындагы окуялардагы Москванын ролу боюнча визалык жана каржылык чектөөлөргө кабылган.

АКШ менен Орусия ортосундагы чыңалган мамиленин дагы бир мисалы Тиллерсон Москва сапары учурунда Президент Владимир Путин менен жолугушпай турганы болду.

Протоколго ылайык ал өзүнүн орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу өткөрөт. Бул эми АКШнын мамлекеттик катчыларынын Москвага болгон алгачкы расмий иш сапарында мамлекет башчысы менен жолугушпаган биринчи учур болуп калмакчы.

Орусия сириялык өкмөттүн химиялык курал сактаганы тууралуу АКШ түздөн-түз далил көрсөтпөгөнүн айтууда. Башар Асаддын негизги союздаштары Орусия менен Иран эгерде АКШ дагы бомба чабуулун жасаса жооптук чаралар көрүлөт деп эскертти. (AbA)

Тектеш темалар