Стокгольмдагы кол салууга шектүү күнөөсүн моюнуна алды

Рахмат Акилов Сүрөттүн автордук укугу SWEDISH POLICE

Стокгольмдагы теракт боюнча шектелип жаткан 39 жаштагы теги өзбекстандык Рахмат Акилов кылган кылмышын моюнуна алды деп билдирди анын адвокаты.

Акилов анын баш коргоо чарасын караган соттук угуу учурунда күнөөсүн моюнуна алган. Акилов оор жүк тарткан унааны айдай качып, кишилерди сүздүргөн кол салууга шектелип жаткан эле. Бул кол салуудан төрт киши каза тапкан. Унаа дүкөндү сүзүп токтогон.

Акилов кол салуу учурунда жаракат алган. Бирок ал окуя болгон жерден качып кетип, бир нече сааттан кийин кармалды.

Стокгольм шаардык полиция жетекчиси Йонас Хисинг басма сөз жыйынында, терактка шектелип кармалган киши 2014-жылы Швеция бийлигине туруктуу жашоо макамын берүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок тескери жооп алганын айтып, 2016-жылы декабрда ага төрт аптанын ичинде өлкөнү таштап чыгып кетүү боюнча маалымдалганын билдирген эле. Ушундан кийин ал дайынсыз кетип, полиция издөөгө алган экен.

Улуттук полициянын Комиссары Дон Эльяссон, шектүүнүн «Ислам мамлекети» сыяктуу экстремисттик топторго жан тарткан көз карашын полиция биле турганын, бирок ал кишини «өтө деле маанилүү персона» деп эсептешкен эмес деп айтып берген.

Би-би-синин өзбек кызматы шектелип жаткан жарандын Самаркандда туулганын, Швецияга келгенге чейин ошол аймакта жашаганы тууралуу маалымат алган.

Акилов катталган Стокгольмдун чет жакасындагы Спанга аймагындагы батирдин ээси ал бул жерде жашабаганын, ошондуктан Миграция кызматы аны таба албай жүргөнүн айтып берген. Февраль айынан баштап Рахмат Акиловго издөө салынган.

Айрым маалыматтарга караганда Өзбекстанда анын үй-бүлөсү калган. Жубайы жана төрт баласына ал курулушта иштеп тапкан акчасын ар дайым которуп турган.

Көп жылдардан бери Швецияда жашаган өзбекстандык мигранттар ар кандай кечелерге чогулганда, иш-чараларда Рахмат Акиловду көрүшпөгөнүн айтып беришкен.

Швециядан эки миңден беш миңге чейин Өзбекстандан келген мигранттар бар. Швециянын миграция боюнча агенттиги берген маалыматка караганда, соңку беш жылда эки миңдей өзбекстандык жаран саясый башпаанек сурап кайрылган. Алардын эки жүз сексенине гана ушундай укук берилген экен.

Ал эми тескери жооп алгандардын маселеси кандай чечилгени, канчасы депортация болгону тууралуу маалымат жок. Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, болжолу 197 өзбекстандык депортация чечимин күтүп турат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада соңунда жүк тарткан унаа борбор калаанын чок ортосунда чогулуп турган кишилерди сүзүп, дүкөнгө барып урунган.

Андан төрт киши каза таап, 15 киши ар кандай жаракат алды. Каза тапкандардын экөө Швеция жараны, калгандарынын бири британдык жана Бельгия жараны болуп чыкты. Бийлик бул окуяны теракт деп атаган.