Орусия Жалилов боюнча Анкарадан маалымат сурады

Басылмадагы маалыматка таянсак, Жалилов 2015-жылдын ноябрь айында Түркияга келип, 13 ай ушул өлкөдө болгону айтылат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Басылмадагы маалыматка таянсак, Жалилов 2015-жылдын ноябрь айында Түркияга келип, 13 ай ушул өлкөдө болгону айтылат.

Орусиянын Анкарадагы элчилиги ММКларга чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов боюнча Түркиядан маалымат сурап кайрылды. Маалымат каражаттары Жалилов өткөн жылы Түркиядан депортацияланганы тууралуу жазышкан эле.

"Жалиловдун депортацияланганы тууралуу ММКларга чыгып жаткан кабарларды тактоо же четке кагуу максаты менен элчилик Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурап кайрылды», -деп билдирген Интерфакс агенттигине элчиликтин өкүлү Ирина Касимова.

РИА Новости агенттиги билдиргендей, ушундай эле суроо-талап түркиялык укук коргоо органдарына жана Стамбулдагы Орусиянын генконсулдугуна жөнөтүлгөн. Стамбулдагы орусиялык консулдук аталган агентикке Жалиловдун Түркиядан депортацияланганы тууралуу документ даярдашпаганын билдирген.

Жалилов өткөн жылдын 17-декабрында депортацияланганы тууралуу маалыматты түркиялык Yeni Akit басылмасы жазып чыккан. Басылма түрк өкмөтүнө жакын анонимдүү булактарга шилтеме берген.

Шейшембиде бул тууралуу орусиялык РБК басылмасы жазды. Басылмадагы маалыматка таянсак, Жалилов 2015-жылдын ноябрь айында Түркияга келип, 13 ай ушул өлкөдө болгону айтылат. Ал Түркиядан мөөнөтүнөн ашыкча жүрүп койгон үчүн айып пул төлөө же депортация болуп, беш жылга чейин өлкөгө кире албай кала турган жазага тартылмак. 2016-жылы декабрда өлкөнү Анталья аркылуу таштап чыгып кетүүгө аракет кылган. РБК маалыматына караганда, ал депортация болууну тандап алган.

Орусиянын Тергөө комитети теги кыргызстандык Акбаржон Жалиловду 3-апрелде орун алган Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууну ишке ашырган деп шектүү катары карап жатат. Жардыруудан он төрт киши каза тапкан. Анын ичинде жардырууну ишке ашырган болушу мүмкүн деп шектелип жаткан адам да бар.

Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Тергөөчүлөр Акбаржон Жалилов бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоодо.

Шейшембиде Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, теракты иликтөө учурунда террордук топторго катыштыгы бар делген сегиз шектүү кармалганын билдирди. Аларды алтоосу Санкт-Петербургдан, экөө Москвадан кармалган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер. (AbA)

Тектеш темалар