Путин экстремизм үчүн мигранттардан Орусия жарандыгын алабыз деп коркутту

Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин кармалган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. Сүрөттө шектүү Мохаммед-Юсуф Мирзаалимов сот залында. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин террордук топторго катыштыгы бар делген Борбор Азия өлкөлөрүнүн сегиз шектүү кармалган. Сүрөттө шектүү Мохаммед-Юсуф Мирзаалимов сот залында.

Президент Владимир Путин орус жарандыгын алган соң экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткен кишилерди жарандыктан ажыратуу үчүн бийлик мүмкүнчүлүктөрдү таба турганын эскертти.

"Конституцияга ылайык биз эч кимди жарандыгынан ажырата албайбыз. Бирок биз орус жарандыгын алууда негиз болуп берген чечимдерди жокко чыгара алабыз. Биз юристтер менен кеңешип, менимче, жакынкы убакытта ушундай чечим кабыл алынат",-деди Путин "Мир-24" телеканалына берген интервьюсунда.

3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов 2011-жылы атасы Орусия жараны болгондуктан ал дагы орус жарандыгын алганы белгилүү болгон.

Көптөр ага жарандык берилгенин миграция кызматынын катасы болгон деп эсептешкен. Ошол эле кезде Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников Орусиядагы террордук топтордун негизи КМШ өлкөлөрүн келген эмгек мигранттарынан турат деп билдирүү жасады.

Орусиянын Тергөө комитети теги кыргызстандык Акбаржон Жалиловду 3-апрелде орун алган Санкт-Петербургдагы метродогу жардырууну ишке ашырган деп шектүү катары карап жатат. Жардыруудан он төрт киши каза тапкан. Анын ичинде жардырууну ишке ашырган болушу мүмкүн деп шектелип жаткан адам да бар.

Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Тергөөчүлөр Акбаржон Жалилов бомбанын бирин станцияга катып кетип, андан соң бирөөсүн өзү менен кошо вагондо жардырган деп болжоодо.

Бул теракты иликтөө учурунда Орусиянын коопсуздук кызматтары сегиз кишини камакка алды. Аларды алтоосу Санкт-Петербургдан, экөө Москвадан кармалган. Кармалгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер.

Көпчүлүк байкоочулар эгерде Акбаржон Жалиловдун бул окуяга катыштыгы болгону далилденсе, анда ал Орусияда жанкечтилик кылган биринчи теги борборазиялык жаран болуп калат деп айтууда. (AbA)

Тектеш темалар