Дональд Трамп: Сирияга бастырып кирбейбиз

Батыш өлкөлөрү Сирия өкмөтүн химиялык курал колдонду деп айыптоодо. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Батыш өлкөлөрү Сирия өкмөтүн химиялык курал колдонду деп айыптоодо.

АКШ Президенти Дональд Трамп Fox телеканалына берген интервьюсунда, америкалык бийликтин Сирияга аскер киргизейин деген ниети жок билдирди.

"Бирок элдер үрөй учурган химиялык курал колдонуп, татынакай ымыркайлар ата-энесинин колунда көз жумуп жатканын көргөндө, балдар кантип деми кыстыгып жатканын көргөндө...Мен муну көргөндө тез арада генерал Мэттиске (АКШнын Коргоо министри) чалдым",-деп айтып берди Трамп.

7-апрелде АКШ сириялык өкмөттүн "Шайрат" авиабазасын ракета менен аткылаган. Дал ушул базадан учуп чыккан сириялык аскер учактары Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун аймагына химиялык чабуул жасаган деп күнөлөнүүдө. Аба соккусунан кийин 90дой киши деми кыстыгып, уугуп каза тапкан.

Батыш өлкөлөрү Сирия өкмөтүн химиялык курал колдонду деп айыптоодо. Сирия муну кескин четке кагып жатат. АКШ "Шайрат" авиабазасына урган ракетталык соккусун сириялык бийликке жооп катары түшүндүрдү.

"Мен кылганды Обаманын (мурдагы Президент) администрациясы кылышы керек эле, мен кылганга чейин эле",-деди Трамп интервью учурунда. Ал Сирия Президентти Башар Асадды катуу сөз менен тилдеп:

"Путин абдан мыкаачы адамды колдоп жатат. Менимче бул Орусия үчүн өтө жаман. Бул адамзат үчүн жаман",-деди АКШ Президенти.

Орусия Президенти Владимир Путин соңку күндөрү Сириядагы окуялар боюнча бир нече ирет пикирин билдирди. Ал сириялык өкмөттүн химиялык чабуулга катыштыгы болгону тууралуу далилдер жок экенин айтууда.

АКШнын ракеталык соккусун эл аралык укуктарды бузуу менен суверендүү өлкөгө жасалган сокку деп атады. АКШнын НАТОдогу союздаштарын Путин кытайлык кишинин келбети чегерилген статуэткага салыштырды. (AbA)

Тектеш темалар