Казакстан латын арибине өтүүгө камылга көрө баштады

Латын арибине өтүү жараяны 2025-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Латын арибине өтүү жараяны 2025-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев казак арибин латынчага өткөрүү ишин баштоону өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу "Эгемен Казакстан" басылмасында Президенттин өзү жазган макалада айтылат.

"Биз азыр даярдык иштерин баштап жатабыз. Өкмөт латын арибине өтүү боюнча график түзүшү керек",-деп Назарбаевдин айткандарын Интерфакс агенттиги жазып чыкты.

"2017-жылдын соңуна чейин окумуштуулар, коомчулук өкүлдөрү менен кеңешүүлөр болгондон соң, казак алфавитинин бирдиктүү стандарты жана латынчага өтүүнүн графиги иштелип чыгышы керек",-деп жазды Казакстандын Президенти.

Латын арибине өтүү жараяны 2025-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда. Назарбаевдин пикиринде, 1940-жылдары Казакстандын кириллицага өткөнү көбүрөөк саясый мүнөздө болгон.

"Латын ариби 1929-1940-жылдары колдонулган. 1940-жылы 13-ноябрда казак тилин латын арибинен орус графикасына негизделип түзүлгөн алфавитке өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Бул жагынан алганда казак алфавитинин өзгөрүшү саясый мүнөзгө ээ болгон",-деп жазат Назарбаев.

"Азыркы учурда балдар мектеп босогосунан эле англис тилин окуп жатышат жана эч маселе жок латын тамгаларын үйрөнүп кетишет. Ошондуктан жаш муундар үчүн бул эч кандай маселе эмес. Биз 2018-жылдан баштап жаңы алфавитти үйрөтө турган адистерди жана окуу куралдарын даярдашыбыз керек. Кийинки эки жылда уюштуруу жана методикалык иштерди жасообуз керек".

Учурда казак арибинин латынча варианты Түркиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү казак диаспорасы тарабынан колдонулат. Бирок эч кандай расмий макамга ээ эмес. Латынчага Өзбекстан толук өткөн. Казакстанда 2007-жылдан бери талкууланып келүүдө.

Тектеш темалар