Путин: Трамптын учурунда Орусиянын АКШга ишеними төмөндөдү

Путин-Трамп Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Москва менен Вашингтон ортосундагы ишеним деңгээли азыркы Трамптын учурунда Барак Обама президенттик кылган мезгилден дагы төмөн деп билдирди Орусиянын Президенти Владимир Путин.

"Мир" телекомпаниясынын суроолорун жооп берип жатып, Путин ишеним деңгээли чыны менен эле деградация болгонун айтты.

"Ишеним көрсөткүчү жумушчу, өзгөчө аскердик деңгээлде деп айтса болот. Жакшырып кеткен жок, кайра деградация болду",-деди орус Президенти.

Путиндин "Мир" телеканалына берген интервьюсу АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Москвага жасаган алгачкы иш сапарынын алдында орун алды. Ал Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.

Бул жолугушуу АКШ менен Орусиянын Сирияга байланыштуу мамилелери сууп турган кырдаалга туш келүүдө. 7-апрелде АКШ сириялык өкмөттүн "Шайрат" авиабазасын ракета менен аткылаган. Мындай жол менен америкалыктар Башар Асаддын режимин жазалоону чечкен.

"Шайрат" авиабазасынан учуп чыккан сириялык аскер учактары Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун аймагына химиялык чабуул жасаган деп күнөлөнүүдө. Сирия муну кескин четке кагып жатат. Бул боюнча расмий иликтөөлөр жыйынтыктала элек.

Асадды колдоп жаткан Орусия АКШнын ракеталык соккусун эл аралык укуктарды бузуу менен суверендүү өлкөгө жасалган сокку деп атап, химиялык курал боюнча бирөөнү айыптап, тыянак чыгаруудан мурун иликтөө жыйынтыгын күтүүгө чакырды. (AbA)

Тектеш темалар