Трамп: Тиллерсондун Москвага сапары күтүлгөндөн жакшыраак болду

"Путин Орусиянын лидери. Орусия күчтүү мамлекет. Биз аябай, аябай, күчтүү мамлекетпиз",-деди Трамп.
Image caption "Путин Орусиянын лидери. Орусия күчтүү мамлекет. Биз аябай, аябай, күчтүү мамлекетпиз",-деди Трамп.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун Орусияга иш сапары күтүлгөндөн жакшыраак болду деп президент Дональд Трамп билдирди.

“Баары күтүлгөндөн жакшыраак өттү. Орусия менен мамилебиз начарлап кеткен эле. Путин Орусиянын лидери. Орусия күчтүү мамлекет. Биз аябай, аябай, күчтүү мамлекетпиз. Москва менен кызматташтыгыбыз кандай болоорун түшүнүү үчүн күтө турушубуз керек”,-деди Трамп.

Кошмо штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кече Москвага келип, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Ал Орусия менен АКШ мамилеси, ошондой эле Сириядагы азыркы абалды талкуулоо үчүн келген. Тиллерсон бул жолугушуу АКШ менен Орусиянын мамилесинин жакшырышына жол ачат деп үмүттөнөрүн айткан эле:

“Биздин тактикабыз айырмаланып турса да, максатыбыз жана кызыкчылыктарыбыз бир болушун каалайбыз. Ошондой эле эмне себептен кызыкчылыктарыбыз келишпей жатканын түшүнүүгө аракеттенебиз".

Тиллерсон АКШнын мамлекеттик катчысы катары Орусияга алгачкы жолу келди. Ал Орусияны Сирия президенти Башар Асадды колдоодон баш тарттырууга аракет кылат деп күтүлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Рекс Тиллерсон кече Москвага келип, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту

Мамлекеттик катчы буга чейин Сирия маселесинде Орусия АКШны колдойбу же Асад, Иран жана "Хезболла" жоочулары менен кызматташтыкта калабы, аны чечиши керек деп билдирген эле.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Тиллерсон менен жолугушууда "Биз сиздер кайсы багытта иш жүргүзөөрүңөрдү билүүнү каалайбыз. АКШнын жана жаңы администрациянын ниетин түшүнгүбүз келет", - деди.

Бул аптанын башында АКШ бийлиги секскенден ашык кишинин өмүрүн алган Сириядагы химиялык чабуулду токтото алган эмес деп Орусияны сындаган эле.

4-апрелде эрте менен Хан-Шейхун шаары бомба чабуулуна кабылган. Сириялык активисттер аскер учактары Сириянын түндүк-батышы тараптан учуп келгенин, орусиялык же сириялык аба күчтөрү болушу мүмкүндүгүн кабарлашкан.

Күбөлөрдүн айтымында, аба чабуулунан кийин эле кишилердин деми кысылып, каза таап, көптөрү жерде кыймылсыз жатып калышкан. Айрымдарынын оозунан көбүк чыгып, эсин жоготкон.

Франция, Британия жана АКШ газ чабуулуна Дамаскты күнөлүү деп айткан болчу.

Ал эми орусиялыктардын айтканы боюнча, Сириянын аба күчтөрү террорчулардын ири курал-жарак жана химиялык курал сакталган кампаларына чабуул жасаган. (ErA)

Тема боюнча башка макалалар