АУЕС: Бесландагы спецназдын аракети адамдын жашоо укуктарын бузуу болгон

Image caption Беслан окуясында курман болгондордун көпчүлүгү балдар болгон.

Адам укуктары боюнча европалык сот 2004-жылы Беслан трагедиясында курман болгон жана жабыркаган балдардын ата-энелеринин, ошондой эле ушул окуяда жаракат алгандардын даттануу арызын канааттандырды. Сот россиялык бийлик алардын туугандарынын укуктарын бузду деген жүйөөсүнө макул болуп, бул окуяда курман болгондордун туугандарына жана жабыркагандардын баарына Россия моралдык компенсация төлөп берсин деп чечти.

2004-жылы Бесланда чечен жикчилдери миңден ашык адамды барымтага алып, аларды Россиянын күчтөрү бошотуу учурунда 300 дөн ашык адам курман болгон, алардын көпчүлүгү балдар эле.

Ушул окуяда курман болгондордун туугандары жана жабыркагандардын өздөрүнүн арызын караган Европанын адам укуктары боюнча соту орус бийликтери адамдардын өмүрүнө келген коркунучтун алдын алуу милдетин аткара алышкан жок деп чечти. Андан сырткары, сот россиялык бийликтер барымтадагы балдардын өмүрүн коркунучка салбай штурм жасоону пландаштыра алышпады деген да жүйөнү колдоду.

Адам укуктары боюнча европалык сот россиялык спецназ менен аскерлердин күч колдонгонун ашыкча болгон жана болгон ишти эффективдүү иликтей албады деп тапты.

Ошентип, сот даттангандардын арызын алардын туугандарынын жашоого болгон укуктарынын баарына тийиштүү пункттар боюнча канааттандырды. Жабыркагандардын кээ бири Адам укуктары боюнча европалык сот13-беренесин бузулганы боюнча, атап айтканда укуктук коргоонун эффективдүү каражатына болгон укуктун бузулганы жөнүндө арызданышкан. Бирок сот арыздын бул жагын колдогон жок.

Сот өзүнүн чечиминде бул трагедиядан жабыркагандарга Россиядан материалдык зыянды өндүрүп берүүдөн баш тартты, бирок Россиянын 3 млн евро көлөмүндөгү моралдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сот Россиядан курман болгон ар бир адамдын туугандарынын пайдасына он миң евродон, оор жаракат алган ар бир адамга жети миң евродон, орто жаракат алган адамдардын пайдасына беш миң евродон, жеңил жаракат алгандарга үч миң евродон төлөтүп алууну чечим кылды.

Беслан окуясында Зарина аттуу кызы барымтада болгон Элла Кесаева Би-Би-Сиинин орус кызматына соттун чечимин 'бул, албетте, жеңиш' деп атады.

"Ѳзгөчө экинчи берененин бузулганын таануу. Биз мамлекет соттун чечимин аткарбай коет деп кабатыр деле болгон жокпуз – бул бизди анчалык деле ойлондурган маселе эмес. Кызмат адамдары аны ансыз деле аткарбайт. Эң башкысы - абройлуу көз каранды эмес сот мамлекеттин күнөөсүн тааныды',-деп айтты Элла.

Кремлдин басма соз катчысы Дмитрий Песков өз кезегинде Россия Бесландагы окуя боюнча Европанын адам укуктары боюнча соту чыгарган чечимди жарабайт деп эсептей турганын жана бул чечимге байланыштуу бардык укуктук аракеттерди көрөт деп билдирди.

Адам укуктары боюнча европалык соттун регламенти боюнча анын чечимине макул болбогон учурда иш соттун Чоң палатасында каралат. Россиянын Юстиция министрлиги дал ушундай тартипте арыздана турганын айтууда.