Пакистанда кудайды мазактаган деп студентти өлтүрүп кетишти

Пакистанда кудайды мазактаган деп студентти өлтүрүп кетишти Сүрөттүн автордук укугу AFP

Пакистандын Мардан шаарында чогулган алабарман топ кудайды мазактаган деп бир студентти өлтүрүп кетишти. Дагы бир студент оор жаракат алган.

Ѳлкөнүн полициясы бул окуяга катыштыгы бар студенттер камакка алынганын, Абдула Вали Хан атындагы студенттер шаарчасы убактылуу жабылганын билдирди.

Студентти жазалоого жүздөй киши катышкан дейт полиция. Жергиликтүү маалымат каражаттары каза тапкан Машаль Хан журналистика факультетинин студенти экенин жазууда.

Чогулган алабарман топ Машаль Хан жана дагы бир студентти "Фейсбук» баракчасына кудайга тил тийгизген сөздөрдү жазганы үчүн жазлашканы айтылды. Бирок полиция мындай мыкаачылык жөн эле ушак кептен улам чыкканын билдирип, эч кандай кудайды мазактаган иш боюнча иликтөө жүргүзүлбөгөнүн айтып чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Март айында өлкөнүн премьер-министри Наваз Шариф социалдык тармактарда кудайды мазактап жаткандарга каршы күрөшүү тууралуу пикирин айткан эле. "Твиттерде" жайгаштырылган ал кайрылууда, кудайды мазактоо кечирилгис нерсе деп айтылган.

Ѳлкөдө кудайды мазактаган деп чогулуп келип, бирөөнү өз алдынча соттогон учурлар көп эле катталып келүүдө. Ошол эле учурда кудайды мазактоого карата расмий жаза дагы катаал. 2010-жылы Пакистанда беш баланын энеси, 50 жаштагы Асия Биби исламды мазактаган деп өлүм жазасына тартылган. Ал бир стакан суу үчүн бирөө менен айтыша кетип, исламга тил тийгизген деп айыпталган. (AbA)

Тектеш темалар