АКШ эң кубаттуу бомбасын Ооганстанда колдонду

Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сынддон өткөн. Бирок буга чейин согуштук аракеттерге колдонулган эмес. Сүрөттүн автордук укугу USAF/GETTY IMAGES
Image caption Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сынooдон өткөн. Бирок буга чейин согуштук аракеттерге колдонулган эмес.

АКШ өзүнүн арсеналындагы эң кубаттуу бомбасын өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун Ооганстандагы турумдарына жолдоду. Бул тууралуу Пентагондун маалыматында айтылат.

Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сыноодон өткөн. Бирок буга чейин согуштук аракеттерге колдонулган эмес.

Бомбаны Пакистан менен чектеш Нангахар провинциясынын Ачин районундагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери колдонуп келген туннелдерге ташташкан.

Ооганстандагы америкалык аскерлердин кол башчысы генерал Жон Николсон:

«Жихадчыл топтор жоготууларга карабастан өздөрүнүн турумдарын сактап калыш үчүн колго жасалган жардыргычтарды, туннел, бункерлерди колдонуп жатышат. Бул ошондой тоскоолдуктарды жок кылууга абдан ылайыктуу курал жана биздин алдыга жылуубуздун ылдамдатат »,-деди.

Эксперттердин айтымында, "Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Ооганстанда өздөрү ойлогондой жергиликтүү элдин колдоосуна алынып кеткен жок. Ошондуктан бул өлкөдө кеңири саясый база түзө албады.

Ар кандай маалыматтарга караганда Ооганстанда «ИМ» тобунун миңден эки миңге чейин согушкерлери бар деп айтылып келет. АКШнын аскер жетекчилери 2016-жылдын башынан бери америкалык күчтөрдүн аба чабуулдарынан жана Оогастандын армиясынын жердеги операцияларынан улам согушкерлер чоң жоготууларга учурады деп ырастайт. (AbA)

Тектеш темалар