Ливия жээктериндеги кырсыктан кийин жүзгө чукул мигрант дайынсыз

Ливиянын жээктеринде Африка өлкөлөрүнөн келе жаткан мигранттарды тарткан кайык оодарылып, кеминде 97 киши дайынсыз болууда Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Ливиянын жээктеринде Африка өлкөлөрүнөн келе жаткан мигранттарды тарткан кайык оодарылып, кеминде 97 киши дайынсыз болууда. Арасында балдар жана аялдар дагы бар.

Бул тууралуу Ливиянын жээктерди кайтарган кайгуул кызматы маалымат таратты. Учурда 23 эркек кишини куткарууга мүмкүн болгон. Алар суу үстүндө эптеп кармалып турушкан. Расмийлер куткаруу иштери уланып жатканын айтты. Бирок тирүү калгандарды табуу үмүтү аз экенин белгиледи.

Аман калгандардын айтымында, кайык Триполиден 10 чакырымдай арылыкта сүзүп баратып оодарылып кеткен. Дайынсыз болуп жаткандардын 15 аялдар, бешөө балдар.

Ливия соңку жылдары чек ара көзөмөлү тийиштүү деңгээлде каралбай калгандыктан мыйзамсыз мигранттардын Жер Ортолук деңиз аркылуу Европага сапар алган негизги транзиттик пункту болуп калды.

Миграция боюнча эл аралык уюм ушул жылдын башынан бери эле кеминде 590 качкын Ливия жээктеринде каза таап же дайынсыз болуп жатканын белгилейт. (AbA)

Тектеш темалар