Сириянын төрт шаарында тургундарды эвакуациялоо башталды

Жалпысы болуп төрт шаардан 30 миңдей киши чыгарылып кетет деп күтүлүүдө. Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жетишилген келишимге ылайык Сириянын курчоодо турган төрт шаарында жайкын тургундарды эвакуациялоо башталды.

Ал шаарлардын экөөсү Кефрая жана Фуа шаарын өкмөттүк күчтөр кармап турганы менен көтөрүлүшчүлөрдүн курчоосунда турат. Калган эки шаар Мадайя жана Забадани шаарларын көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп, Асаддын аскер күчтөрү курчоого алган.

Күбөлөр тургундарды 80 автобус менен өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарга эвакуациялап жатышканын айтып беришкен.

Франс пресс агенттигинин кабарчысы, эвакуация ыктыярдуу жүрүп жатканын эвакуация учурунда каалоочулар калам десе тоскоолдук болбой жатканын, билдирген.

Бул операция жума күнү таң эртелей башталды. Жалпысы болуп төрт шаардан 30 миңдей киши чыгарылып кетет деп күтүлүүдө.

Бириккен улуттар уюму март айындагы билдирүүсүндө бул шаарларда гуманитардык кырдаал катастрофалык абалда деп билдирген эле. Уюмдун айтымында, болжолу курчоодо турган шаарларда 64 миңдей жайкын тургун бар. (AbA)

Тектеш темалар