КЭДР: Кореядагы кырдаалдын курчушуна Трамп күнөөлүү

АКШ менен КЭДРдин бири-бирин айыптаган билдирүүлөрү барган сайын агрессивдүү болуп баратат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ менен КЭДРдин бири-бирин айыптаган билдирүүлөрү барган сайын агрессивдүү болуп баратат.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министринин орун басары Хан Сон Рёль Ассошиэйтед пресс агенттигине берген эксклюзивдүү интервьюсунда жарым аралдагы кырдаалдын курчушуна АКШны айыптады.

Хан Сон Рёль Кореядагы кырдаал боюнча жоопкерчилик АКШын моюнунда, биринчи кезекте Дональд Трамптын жоопкерчилигинде экенин белгилеп, «Трамп өзүнүн "агрессивдүү твиттери" менен «жагымсыз» кырдаалды жаратууда»,-дейт.

"Трамп ар дайым өзүнүн агресивдүү билдирүүлөрү менен чагым уюштуруп жатат…Ошондуктан көйгөйдү КЭДР эмес, дал ошол Трамп жана АКШ жаратып жатат»,-деп билдирди дипломат.

Ошондой эле Хан Сон Рёль өз маегинде, эгерде чек арасындагы АКШнын аскердик жүрүштөрү боюнча тынчсыздануу жаралса, анда КЭДР чөлкөмдөгү америкалык күчтөргө сокку урууга даяр экенин ишендирди.

«Эгерде АКШ акылсыз аскердик жүрүштөрүн баштаса, КЭДР алдыналган сокку менен жооп берет. Биздин карамагыбызда кубаттуу өзөктүк курал бар жана биз АКШнын соккусун күтүп кол куушуруп олтуруп бербейбиз»,-деди ал.

Түндүк Корея Бириккен улуттар уюмунун эскертүүлөрүнө карабастан тез-тезден эле ракеталарын сыноодон өткөрүп келүүдө. Март айындагы соңку сыноосун Япониядагы америкалык базаларга сокку уруу машыгуусу болду деп билдирген.

АКШнын атын атабаган расмий өкүлү жума күнү Рейтер агенттигине берген маегинде, АКШ аскер күчтөрүн КЭДРге каршы колдонуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатканын айткан. Чиновниктин айтымында, мындай маселе Түндүк Корея кайрадан өзөктүк куралын сыноодон өткөрөт экен деген имиштердин фонунда каралып жатат.

Президент Дональд Трамп дагы акыркы апталарда Түндүк Корея боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасады.

Трамп жума күнү Ооганстандагы бомба чабуулу боюнча журналисттерге маек берип жатып: "Түндүк Корея - бул көйгөй. Биз көйгөйдү чечебиз»,-деп билдирди. Бул сыяктуу билдирүүлөрүн ал мурда да бир нече ирет айткан.

9-апрелде америкалык флоттун бөлүктөрү "Карл Винсон" атомдук авианосецинин башчылыгы алдында Тынч океандын батыш тарабын көздөй жылуу буйругун алган.

"Чөлкөмдөгү биринчи коркунуч Түндүк Кореянын акылга сыйбаган, жоопкерчиликсиз, стабилдүүлүккө бүлүк салган ракеталык программасы жана өзөктүк куралга умтулуусу болуп калууда»,-деп билдирген АКШнын Тынчокеан флотунун командачылыгынын басма сөз катчысы Дэвид Бенхэм.

Тектеш темалар