Түркия жекшембиде референдум өткөрөт

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Түркиядагы референдум

Жекшемби күнү Түркияда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтөт. Референдумда мамлекеттин башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү сунушталган.

Эгерде эле референдум тыянактары күтүлгөндөй болсо, анда Президент Эрдоганга кошумча укуктарды бермекчи. Президент бир эле учурда өкмөттүн жана мамлекеттин башчысы болот.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, бул өзгөртүүлөр өлкөнү башкарууда бир топ эффективдүү болот. Бирок анын сынчылары авторитаризм өөрчүп кетет деп кооптонууда.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Түркиядагы башкаруучу Акыйкат жана өнүгүү партиясы демилгелеген. Эрдоган мындан эки жыл мурун Президент болуп шайлангандан кийин эле мындай реформа зарыл экенин айткан эле.

Ѳлкөнүн оппозициясы конституцияны өзгөртүү менен бийликти бир колго топтоо аракети болуп жатканын сындап келди. Ошого карабастан бул демилге эми референдум аркылуу ишке ашканы турат.

Референдум алдында Түркия менен Батыш өлкөлөрү ортосунда пикир келишпестиктер көп болду. Рефрендум боюнча Нидерландиядагы мигранттарына үгүт жүргүзүү үчүн келген эки түрк министрин бул өлкөгө киргизбей коюшкан. Австрия, Германия жана Швейцария бийлиги түрк расмийлеринин ушундай жолугушууларына тыюу салган.

Түрк диаспоралары жашаган көптөгөн Европа өлкөлөрү коомдогу чыңалууну жаратпасын деп чочулап, түрк расмийлери менен боло турган жолугушуу, митингдерге каршы болгон. Батыш өлкөлөрү өткөн жылы ишке ашпай калган Түркиядагы аскер төңкөрүшүнөн кийинки камакка алуулар жана кугунтуктоо боюнча терең тынчсыздануусун билдирип келген эле. Бул жолу Эрдоганды авторитардык бийлик курууга жанталашып жатат деп айыпташты.

Түркия болсо, Европа өлкөлөрүнүн дарегине катар катуу сындарды жаадырды. Айрым талдоочулар Түркия Европа тууралуу катуу сын айтып чыкканын, «алар бизге каршы» деген коомдук талкууну жандандырып, өз тарапташтарынын катарын көбөйтүүгө күч үрөп жатат деп баа беришкен. (АbA)

Тектеш темалар